Бардык жаңылыктар

«Манас» аэропортунун айрым кызматкерлери жетекчилигине нааразы


«Манас» эл аралык аэропортунун 40тай кызматкери бүгүн жетекчиликтин акыркы чечимдерине нааразылыгын билдирип чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» кызматкерлердин бири Рахат Боронбаев билдирди.

Анын айтымында, аэропорттун жетекчилиги бир нече коопсуздук кызматкерин акы төлөнбөгөн эс алууга чыгууга мажбурлап жатат.

- Мындай жол менен аэропорт жетекчилиги кызматкерлерди жумуштан бошотуп, ордуна башка адамдарды алып келүүнү каалап жатат, - деди Боронбаев.

Буга байланыштуу 40га жакын кызматкер аэропорттун аймагына чогулуп, нааразылыгын билдирүүдө.

«Манас» эл аралык аэропорту - өлкөдөгү эң ири жана кирешелүү ишканалардын бири. Бул компаниянын курамына өлкөдөгү беш эл аралык жана алты аймактык аэропорт кирет. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады