Бардык жаңылыктар

Кыргызстан Монголияны 2-1 эсебинде утту

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасын 2:1 эсеби менен утту.

Оюн Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, беттештеги алгачкы голду атаандашын дарбазасына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө киргизди. 42 мүнөттө Мирлан Мурзаев дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0гө өзгөрдү.

Экинчи таймда Монголиянын курама командасы пенальтиден гол киргизип, эсеп 1:2ге өзгөрдү. 57-мүнөттө Валерий Кичин айып аятчасында Оюнбаатарын Мижиддорж тээп алып, калыс 11-метрлик айып тобун коюп, аны Норжмоо Цеденбал голго айландырды.
Бул голдон соң Монголиянын курама командасынын оюнчулары чабуул артынан чабуул коюп, Кыргызстандын курама командасынын дарзабасына бир топ коркунуч келтиришти. 20 мүнөттөн соң кыргыз футболчулары демилгени колго алды. Бирок оюн эсеби өзгөргөн жок.

Бул жеңиш Кыргызстандын курама командасына үч упай алып келди. Учурда «ак шумкарлардын» карамагында 6 упай бар.
Бүгүн F тайпасынын катарлаш беттешинде Тажикстандын курама командасы Жапония менен ойнойт.

Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 менен жеңилген. 10-октябрда, Бишкекте өткөн экинчи оюнда Мьянманы 7:0 эсеби менен уткан. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!