Бардык жаңылыктар

Ырчы Сыймык Бейшекеев менен журналист Шайырбек Абдрахмандын айтышы

Мына жакшылардын айтышы. Сөз баккан, сөз кадырлаган каймактар.  Фейсбукта ушундай айтышуунун маданиятын өркүндөтүп, үлгү алсак, адат кылсак. Сыймык Бейшекеев досу Шайырбек Абдрахманга салам айтып, андан жооп алганы.

Сыймык Бейшекеев:

Аманбы Шайыр карагым
Чалат деп саатты санадым
Жолукмак элек кечээ эле
Жакемин алып саламын
Бүгүн кар чачышып жүрсүңөр
Аябай аңдап карадым
Саясатка шерик таап
Ачыпсың шайлоо барагын
Бир жыл эрте баштапсың
Даярдап курал жарагың
Кочкордун эти ошентип
Секиртет койбой амалың
Эми, таалайлуу өмүр сүргүлө
Таркылдап катуу күлгүлө
Кир жугузбай беттерге
Кар менен жууп жүргүлө
Арчадай бийик өскүлө
Аллам өзү жар болсо
Ак үй жака көчкүлө
Акмак чыкса абийрин
Айрандай эле төккүлө
Элдин мүлкүн жегенди
Энесин койбой сөккүлө (уландысы бар)😂

Шайырбек Абдрахмандын жообу: 

Кандайсың Сыймык жан досум,
Өнөрдөн тапкан жолдошум,
Кече Жакемдин жайын билмекке..
Офисине кирмекке..
Жакшы эле кылгам далалат,
Сен менен басып журмөккө.
Аския баштап күлмөккө..
Бирок, саясий кадам таштадым
Ырым болсун ушу деп,
Шу окшойт бакыт кушу деп. :)
Кар чачышмай баштадым..
Жүр болбосо Сыймык дос.
Сага да шыбап берейин.
Депутат болуп кетсеңиз.
Элге тийээр керегиң.
Мына мындай сунуш бар.
Кандайсың шуга береним? :)

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!