Бардык жаңылыктар

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: “Менин кылган жакшылыктарымды элдин көбү билишет”

Кыргыз макалдары менен тарбияланган кызмын

Менин балалык кезим Ысык-Көл областынын кооз жеринин бири болгон Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында өттү. Ошондой эле Дархан айылында биринчи класстан баштап таята, таянемдин колунда тарбияланып, мектепти аяктагам. Өзүм сегиз бир тууганмын. Атам 45 жыл Жети-Өгүз районунун токой чарбасында карагай ташып, айдоочу болуп эмгектенди. Көптөгөн медаль, ордендердин ээси. Райондук кеңешке 5 жолу депутат болгон. Үчүнчү даражадагы “Даңк” ордени менен сыйланган. Союз убагында жөн эле сыйлай берчү эмес. Атабыз ак эмгеги менен бул ийгиликтерге жетишкени үчүн сыймыктанабыз. Бир эле учурун айтып кетсем, атабыз таңкы саат 4тө туруп жумушка кетчү, башка айдоочулар бир эле рейс машина менен карагай ташыса, атам 2-3 жолу алып келчү. Машинасын ар дайым таза кармачу. Апам болсо сегиз баланы бакты, ар бирибиздин түйшүгүбүз оңой эмес эле, өзү да иштеп заводдо, кечкисин нан салып, кир жууп балдарын уктатып коюп оокат кылаар эле. Ал кездеги апалардын жумушу кыйын эле экен азыр ойлоп көрсөм. Азыркы жаштарыбыз андай жумуштун теңин да жасай алышмак эмес деп ойлойм. Таятам согуштун ветераны болчу, согуштагы оор күндөрүн айтып берип калаар эле. Билип жүрүшсүн дечү го, күндүр-түндүр суукта, карда окопто жаткандарын, "за родину" дегенде эч нерсени карабай чуркап атышчубуз, немистердики автомат, биздики беш атар, ошого карабай алдыга чуркап артка чегинүү эмне экенин билчү эмеспиз - деп биздин да мамлекетке болгон сезимибизди ойготуп айтып берчү эле. Ар дайым ошондой согуш болбосун, биз көргөндү көрбөгүлө деп сөзүн бүтүрчү. Таянем болсо, мени кыргыздын лакаптары менен тарбиялады, мисалы "кыз бар үйдө кыл жатпайт", "эшигин көрүп төрүнө өт", "эжелүү кызга эски тон" деген сыяктуу макалдар менен мени тарбиялаган. Оокат кылдырып, жумшап, “кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн”- деп айтаар эле. Бирок, мени эркелетип чоңойтту, эч качан урушкан эмес. Үйдө абышка, кемпир болгондуктан баардык түйшүк менин мойнумда эле. Үйдүн ички жумушу, андан башка чөп жыйнашмай, картошка казмай, кой кайтармай, тамак бышырмай ж.б жумуштардын бардыгын кыз экенибизге карабай эле кылып жүрчүбүз. Жумуштун көптүгү
окуума тоскоол болчу эмес. Мектепте алдыңкы окуучу болчумун. Мектеп аралык ар кандай конкурстарга да катышып жүрдүм. Мен ойлойм, ошол эмгегим текке кеткен жок, ошону үчүн эмгекчил, чыдамкай, айылдын түйшүгүн билгендигим мага жашоодо көп жардам берди деп.

Балдар кыздардын колун кармаса сүйүнгөн заман эле

Биздин убагыбызда балдар менен кол кармашып көчөдө басуу абдан өөн учурачу, балдар кыздардын колун кармаса аябай сүйүнүшчү. Азыркы жаштарга бул күлкүлүү сезилиши мүмкүн. Бирок, биз ошондой тарбияланып өскөнбүз. Каяша айтуу абдан уят эле, агай эжейлерди урматтайт элек. Балдарды агайлар тентек кылса доскага чыгарып согуп койчу, бир да бала ата-энесине даттанып барчу эмес. Чачтары өсүп калгандарды класстан кайчылап салчу, эртеси аргасыз алдырып келчү. Биринчи класста окуп жүргөн кезимде, анда сыя менен жазчубуз, бир классташ балам сыя куюлган челекчени алып мага чачып жиберди, бетимдин баары сыя, мен ошондо ото тың экенмин, бетимди аарчыбай туруп, ыйлабастан түп-түз завучка баргам.

Келиндик кызматты кабагым-кашым дебей аткарчумун

Мен Жет-Өгүздүн келини болом, кайнатам, кайненем Нарында иштеп жүрүп, кийин пенсияга чыкканда Каракол шаарына көчүп келип туруп калышкан. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Эки балалуу болдук. Келин болгондо айылдын турмушуна көнгөндүктөнбү, келиндик кызмат мен үчүн кыйын деле болгон жок. Кайын журтум касапчы адамдар болгондуктан, күнүнө 3 кой союлчу. Ал койлордун ичеги карынын артмай, баарына тамак бермей, кыскасы ар бир жумушту кабагым-кашым дебей жасачумун.

Эки жүздүү, кошоматчылар өздөрү жок болушат

Достор, жолдошум экөөбүздүн тели-теңтуштарыбыз көп. Алардын ичинен илгертеден жаш кезден дос болуп жүргөндөрү да жок эмес. Эң кыйын кезде жанымда жүргөн жакшы санаалаштарым бар, мен эч качан досторду, жакшылык жасаган адамдарды таштаган эмесмин. Эки жүздүүлөр, саткындар өзүлөрү эле жок болушат. Эң жаман көргөнүм саткынчылык, кошоматчылар.
Биз тиккен талдар терекке айланды

Татыктуу жашоо-бул жашоонун жүрөгү деп койсом болот. Бул дүйнөгө бир жолу келип анан бир күндүк жашоо менен жашоо, же болбосо эмнеге, ким үчүн жашап жаткандыгыңды билбесең, ошол да жашообу? Жашоодо, ар бир адам артынан из калтырайын, балдарымды бактылуу кылайын, ар бир күнүм текке кетпесе экен, туура колдоноюн, жок дегенде эл эстегендей бир жакшы нерсе жасап кетиш керек деп ойлойм. Бак тигип, үй салып, бала тарбиялоо милдет деп айтат го. Биз "Карек" коомдук уюму Барскоонго 15 миң терек тиккенбиз, азыр сонун болуп өсүп турат, бак болду, элдер ары бери өткөндө суктанып карашат. Мен өзүм экологияга, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасаймын. Жаратылышты сакташыбыз керек. Анпесек, жаратылыш бизди катуу жазалап коюшу мүмкүн. Жаратылыштын жазасына эч ким туруштук бере албайт.

Балдары үчүн баарына даяр энелердин биримин

Эненин мээриминен күчтүү, назик, кымбат бул дүйнөдө эч нерсе жок. Ошондуктан, энелерге таазим! Мен да баардык энелерге окшош эле балдарым үчүн баардыгына даярмын, балдарымдын ден-соолугу, бактысы мен үчүн эч нерсеге тең келгис бийик. Балдарымды жашоодо оңой турмуш куруп кетишине колумдан келишинче салымымды кошуп келем. Уулум менен кызым менин бар байлыгым. Экөө менен тең ар кандай сүйлөшөбүз. Саясат темасында да, ар кандай ойлорун угуп турам. Эң биринчи ата-эне баа жеткис кеңештерди айтат, алар уул-кызын кантип жаман жакка түртсүн. Уул-кызынын татыктуу болушун кайсы ата-эне каалабасын. Жашоодо корконум кудай балдарымдын жамандыгын көрсөтпөсө экен деп тилеп келем.

Кыргыздын улуттук кийимдерин өтө сыйлап, аздектеп кийем

Мусулман болгондон кийин, ислам динин тутам, бирок хиджап кийген, сакал дамбал кийген жарандарды колдобойм. Кыргыз эли эч качан хиджап кийген эмес, ошондуктан кыргыз элинин улуттук кийимдерин жактырам, өзүм да кийем жана башкаларга да кеңеш кылам. Жардам берүү менен адам жарды болуп кетпейт
Мага муктаж адамдар көп кайрылат, мен депутат болуп отурганда ооруп операция жасата албай кайрылгандарга көп жардам бердим, балдар үйүндөгү балдарга да кышкы кийимдерди алып берип келдим. Атайын отчеттук газета чыгарып элге тараткам, менин оюмча менин кылган иштеримди элдин көбү билишет.

Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак:Факты.кж гезити

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады