Бардык жаңылыктар

Эксклюзив маек - Аскар Акаев үч коркунучту айтты...

– Аскар Акаевич, саламатсызбы! Жакында, 10-ноябрда 75 жаш курагыңызды белгилегени турасыз. Ал мааракенин алдында коомчулукта талаш жараткан суроолорго жооп бергенге биздин сунушка макул болгонуңузга рахмат айтабыз. Алгач Москвада өткөн жылдарга токтолсоңуз? Кандай жетишкендиктер болду? Москвадагы кыргыз мигранттары тууралуу айтып берсеңиз?

– Учурунда мени Россияда жылуу кабыл алышкан. Ал үчүн Россиянын жетекчилигине жана коомчулугуна рахматымды айтам. М.В.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин ректору, замандын улуу математиги Виктор Садовничий мени өзүнүн атактуу коллективине чакырган. Ошондон бери университеттин профессору катары эмгектенип келе жатам. Мен иштеп жаткан багыт – дүйнөлүк экономиканы моделдештирүү, прогноздоо. Он беш жылда 10 китеп, 150дөн ашык илимий статьяларды жаздым. Москвада иштеген жылдарым жемиштүү болду. Россия окумуштуулар коллективи мени Кондратьевдин, Кузнецтин, Вернадскийдин, Сорокиндин алтын медалдары менен сыйлашты. Россиянын Илимдер Академиясынын жогорку чини – чет өлкөлүк мүчөсү, академик болуп шайландым.

Мен Москвада жана Санкт-Петербургда кыргыз мекендештерим менен жолугуп турам. Алар мага эки маселе боюнча рахмат айтышат. Бирөө – орус тили үчүн, себеби, биздин мигранттар орусчаны жакшы билишет. Экинчиси, Россиянын паспортун жеңил алышканы үчүн. Бул кыргыз мигранттардын жакшы социалдык коргоого алынышына шарт түзүп берди.

– Сиз президент катары жасаган реформа, иштер кайсылар? Кемчилигиңизди айта аласызбы?

– Кыргыз элиме он төрт жыл президент катары кызмат өтөдүм. Бул жылдар эгемен Кыргызстан үчүн эң оор мезгил болгон. Мамлекет жаңыдан курула баштаган, экономика рынок шартына багытталган, тышкы саясат алгачкы ирет эгемен жолго коюлган, кыргыз улутунун руханий жаңылануусу жүргөн. Мындай жагдайда көп иштер жасалды, кемчилиги да болбой койгон жок. Эгерде жакшысын жана начарын таразага салсак, айда биринчиси алда канча салмактуу болгонун азыр сыймыктануу менен айта алам. Дүйнө коомчулугу Кыргызстанды Борбор Азиядагы «Демократия аралчасы» деп таануусу оңой келген жок. Ошондой эле биз рыноктук реформаларды жүргүзүүдө лидерликке жетише алдык. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп ВТОго (Бүткүл дүйнөлүк соода уюму) мүчө болдук. Бул тышкы соодада жеңил шарт түздү: бир миллионго жакын адам соода жана жеңил өнөр жай тармактарында жумуш менен камсыз болду. Биринчи болуп улуттук валютаны – сомду киргизип, ал кезде постсоветтик өлкөлөрдө бороон-чапкындай жүрүп турган гиперинфляцияны ооздуктай алдык. Кыргызстандагы жер жана агрардык реформа КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эң ийгиликтүү болгонун эч ким тана албайт. Чакан жана орто ишкерчиликке жол ачылып, ага жагымдуу шарттарды түзүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер жасалды. Натыйжада, 2000-жылдары өлкөнүн экономикасы туруктуу өйдөлөй баштап, жылдык орточо өнүгүү темпи 6-7 пайызды түзүп калган.

Улуттук кайра жаралуу программасы жемиштүү болду. Анын олуттуу иш-чаралары: Манастын 1000 жылдыгын, Ош шаарынын 3000 жылдыгын жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечимдерине ылайык эл аралык колдоонун алкагында өткөрүлдү. Бул ири иш-чаралар дүйнө коомчулугунда Кыргызстанга болгон кызыгууну жана урматтоону бийик деңгээлге көтөрдү. Натыйжада, президенттик мөөнөтүмдө жасалган иштер кыргыз улутунун тарыхында сакталып калды жана аларды эч ким чийип коё албайт. «Мен Кыргызстандын түбөлүк президенти болоюн» деген оюм эч болгон эмес. Ошол себептен, 2005-жылы президенттик кызматты тынчтык, Конституциялык жол менен өткөрүп бере албай калганыма өкүнөм. Бул меним кемчилигим. Оппоненттерим озунуп, 2005-жылы 24-мартта мамлекеттик төңкөрүш жасоого жетишишти.

– Кумтөр алтын кенин иштетүү долбоору сиздин башкаруу мезгилде башталган эле. Ал жөнүндө айтып берсеңиз? Ал жерде сизди да «акционер» дешет го?

– Ал кенди иштетүү комбинаты курулуп жатканда (1993-96-жылдар) жана андан кийин, 2003-жылга чейин дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өтө төмөн болгон (унциясы
400 доллар). Бул – кенди иштетүүнүн өздүк наркынан бир аз эле жогору болчу. Алтындын баасы 2005-жылдан тарта өсө баштап, 2011-жылы жогорку чекке жеткен (унциясы 1938 доллар). Учурда ал баа 1500 долларга жакын. Демек, Кумтөр 2005-жылдан кийин гана жакшы киреше берип келүүдө. Мен алган маалыматка таянсак, соңку 15 жылда Кумтөр кенинең Кыргызстандын казынасына 3 млрд. 700 млн. доллар түшүптүр. Натыйжалуу колдонулса бул өтө чоң каражат да. Демек, кийин Кытай банкынан оор шарттагы карызды албай эле Кумтөрдөн түшкөн акчанын жарымын гана колдонуп, Бишкекте жана Кара-Кечеде жаңы жылуулук электр станцияларын куруп, иштеп жаткан Ош-Бишкек автожолун жаңылап, экинчи альтернативдүүсүн да толук бүтүрүп жана «Датка-Кемин» электр чубалгы долбоорун ишке ашырса болот беле? Өзүңөр калыс болгула. Элибиздин мойнуна да олчойгон тышкы карыз илинмек эмес. Ал эми кен иштеткен компанияда менин акцияларым бар экендиги – оппоненттерим ойлоп чыгарган көп ушактардын бири.

– Сизди Үзөңгү-Кууш, чек ара маселеси боюнча күнөөлөп жүрүшпөйбү. Кандай жооп берер элеңиз?

– Кыргыз-кытай чек ара маселеси XIX кылымда падышалык Россия жана Цийв кытай империясы тушунда эле пайда болгон. Бул маселе өткөн кылымдын 60-жылдарында өтө курч абалга жеткен. Ошондо СССР өкмөт жетекчиси Алексей Косыгин жана Кытай өкмөт жетекчиси Чжоу Энлай чек арада талаш бар экенин расмий таанышып, протокол түзүшкөн. Анын ичине кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш жери да кирип калган. Эгер эл аралык практикага көңүл бурсак, анда талаш жерлер 50/50 катнашы менен чечилерин көрүгө болот. Мисалы, азыркы Россия менен Кытай Ыраакы Чыгыштагы талаш жерлерди дал ошондой катнашта бөлүштү. Казакстан жана Кытай 40/60, Тажикстан жана Кытай 30/70 катнашында бөлүштү. Ал эми Кыргызстан жана Кытайдын Үзөңгү-Кууш боюнча бөлүштүрүүсү 70/30 катнашында болду. Буга элибиз өзү калыс болсун. Биздин утушубуздун башкы себебин мен кытай элинин жана ошол кездеги жетекчилигинин Кыргызстанга, сан кылымдар бою ынтымактуу коңшусуна, жакшы мамилесинин негизинде болгонунан көрөм. Тарыхий жана саясый өңүттө биз Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларын өзүбүзгө алып калганыбыз өтө маанилүү болду. Себеби, ал чокулар кыргыз улутунун ыйык символдору болуп саналат эмеспи.

– Аксы окуясы тууралуу айтып бере аласызбы?

– Аксы окуясы үчүн өлкө президенти катары менде моралдык жоопкерчилик бар экенин ачык айтып келгем. Аксы трагедиясы – бул менин өкүнүчүм, кайгым. Эгерде укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин катачылык иш-аракеттери жана чагымчылардын кыянаттыгы болбогондо, Аксы окуясына жол берилмек эмес. Ал окуя болгон күнү мен чет жерде командировкада элем. Бишкекке келерим менен биринчи вице-премьер-министр Николай Танаев жетектеген авторитеттүү комиссия түзгөм. Анын курамына белгилүү коомчулук өкүлдөрү жана укук коргоочулар киришкен. Белгилей кетсем, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коопсуздук кеңештин жыйыны ачык өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп, трагедиянын себептери, жүрүшү элге жарыяланган. Элибиз чындыкты толук угуп-көргөн. Жыйындын натыйжасында премьер-министр, президенттик администрациянын жетекчиси, ички иштер министри, Жалал-Абад облусунун губернатору кызматтарынан алынган. Айрым кызмат адамдарына кылмыш иши ачылган. Ал эми Аксы окуясын кайра-кайра козгоп, күнөөнү жалгыз мага оодарууга аракет кылып жүргөндөр өздөрүнүн жеке жана саясый кызыкчылыктарын көздөгөн саясатчы пенделер экенин баса белгилегим келет.

– Кыргызсгандын тышкы карыздары боюнча айтсаңыз? Сиз өлкөнү жетектеген мезгилде канча карыз алынган?

– Эгемен Кыргызстандын алгачкы 14 жылында (өтө оор мезгилде) чет жактан биз 1,8 млрд. доллар карыз алганбыз. Анын 550 млн. доллары 2005-жылдын башында кредиторлордун Париж клубу тарабынан кечирилген. Ал эми 600 млн. доллар резерв катары Нью-Йорк шаарында банкта сакталып турган. Демек, 2005-жылы март айына карата Кыргызстандын тышкы карызы болгону 650 млн. долларды түзгөн! Бул – «Акаев өлкөнү 2 млрд. доллар карызга батырып кетти» деп элге жалган маалымат таратып жүргөн оппоненттериме менин жообум. Белгилей кетүүчү жагдай, биз алган кредиттер 40 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыз үстөк менен болчу. Ал эми учурда Кыргызстандын карызы 4,5 млрд. доллардан ашты. Анын ичинен 1,7 млрд. доллары Кытай банкынан 20 жылга 3 пайыз үстөгү менен алынып, ага коомчулук тынчсызданып келатканы жалпыга маалым. Айта кетсем, 2005-жылы кредиторлордун Париж клубу менен сүйлөшүүлөр уланып жаткан. Эгерде 24-мартта төңкөрүш болбогондо, анда күзүндө Кыргызстанды бир да доллар тышкы карызы жок өлкө катары кийинки президентке өткөрүп кетмекмин. Тилекке каршы, бул ой-тилегиме, максатыма жетпей, өкүнүчтө калдым.

– Кыргызстандагы бүгүнкү абалыбыз, кыргыз элинин жашоосу тууралуу оюңузду айтсаңыз? Эмнелер жүрөк оорутат?

– Кыргыз коомчулугунун көз карашын, иш-аракетин келечекке буруу өтө маанилүү маселе дээр элем. Бүт дүйнө зор ылдамдык менен өзгөрүүдө. Мурдатан айтылып келген маалымат доору учурда дүйнө жүзүн каптап келе жатат. Алдыңкы өлкөлөрдө электрондук экономика орноодо. Андай жагдайда жеңүүчү баарына ээ, ал эми жеңилгени куржалак кала турган заманга туш келебиз. Жасалма интеллект күндүн чындыгы болуп калды, ал адам эмгегинин баардык чөйрөсүндө үстөмдүккө жетишүүдө. Алдыда адамдарга жогорку квалификациядагы жумуштар гана калып, ал эми орто жана төмөнкү билимдүүлөргө жумуш орундары калбай калат. Дал ушул себептен, биздин адамдар, өзгөчө жаштар мыкты билимге ээ болуп жана санариптик инновацияларга, технологияларга өз мезгилинде аралашып кетүүсүнө баардык шарттар түзүлүшү зарыл.

Учурда Кыргызстанга тоскоол жарата турган үч коркунучту көрүп турам. Биринчиси – диний экстремизмдин, тактап айтсак, өлкөдөгү исламдашуунун акырындап жайылып баратышы. Бир топ ислам мамлекеттеринин мисалында исламдык радикализм акыры эл аралык терроризмге алып барарын, келечекте мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирерин көрүп жатабыз. Кыргызстан үчүн бул жол коркунучтуу жана келечексиз. Экинчиси – саясый популизм. Кыргызстанда жеңишке жеткен саясый партиялардын бир тобу элге куру убадаларды берип, ал эми турмушта алар ишке ашпай келе жатышы өтө өкүнүчтүү. Кийинки жылдагы парламенттик шайлоодо «саясый популизм алдыга чыкпайт» деп ким кепилдик бере алат? Үчүнчүсү – өлкөнүн «түндүк-түштүк» деп бөлүнүү коркунучу. Кыргызстан үчүн биримдик, эл ынтымагы эң башкы маселе экендигин, аны бекемдөө, чындоо үчүн баардык аракеттерди жумшоо керектигин баарыбыз жакшы түшүнүп, көңүл чордонунда кармообуз зарыл.

– Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, азыркы Жээнбеков, айтор, сизден кийинки президенттердин иштери, саясаттары тууралуу кандай ойдосуз?

– Кеткен президенттерге карата учурдагы менин ой-пикирим балким, субъективдүү болуп калат. Ошол себептен, баарыбызга бааны эл өзү жана тарых бергени оң болот го. Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү үчүн баардык күч-аракетин жумшап жатканын көрүүдөбүз. Анын алдында жаңы чакырыктарга татыктуу жооп берүү жана жогоруда мен белгилеп өткөн коркунучтардын алдын алуу милдеттери турат. Бул иштерди жүзөгө ашырууда элибиз ага жардам берүүсү максатка ылайык. Сооронбай Жээнбековдун татаал ишине ийгилик гана каалайбыз.

– Текебаев тууралуу пикириңиз кандай? Кулов менен байланышыңыз барбы?

– «Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу депутат» десем жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишинде ал дайыма өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген жана мыйзам чыгарууда олуттуу салым кошо алды. Акыркы жылдары саясый куугунттукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталып чыгышына жол ачылганын айтсак болот. Феликс Кулов мемен тилекке каршы, эч байланышым жок. Бирок, жакында анын «Акаев өлкөгө кайтып келиши керек» деген пикирин угуп калдым. Сиздин суроодон пайдаланып, Феликс Шаршенбаевичке ыраазычылык билдирем жана жакшылык каалайм.

– Сизди сатпаган кадрларыңыз тууралуу кеп козгосок. Саясый саткындык биздин кыргыздарда кандай?

– Бул тема жашоо сыяктуу эле түбөлүктүү. Саткынчылык баардык элде кезигет, кыргыздарда деле бар. Бирок, ар дайым жакын адамдардын саткынчылыгы жанды кейитет. Ал менин башымдан да өттү. Бирок, тилекке жараша, мен жаратылышыман кекчил эмесмин. Саткындарга Кудай өзү сот болсун. Ошондой эле сени оор мезгилде сатып кетпеген тарапташтарыңды мезгил өткөн сайын өтө баалап каласың. Мен аттарын атабай эле коёюн, бирок аларды дайыма урматтап-сыйлап, аларга жакшылык тилеп турарымды билдирип кетким келет.

– Коомчулукта сизди «Кыргызстанга кайтып келет» деген сөздөр жүрүүдө. Кайсы убакта кайтып келесиз? Эмне тоскоолдук болууда?

– Ооба, соңку мезгилде көптөгөн кыргызстандыктар мени эстеп, кайтып келүүм жөнүндө сөз кылышууда. Демек, менин келүүмдү жактагандар көбөйүүдө (!) деп тыянак чыгарсак болот. Бир тобу мага кат жөнөтүп жатышат, телефон чалышат. Алар өлкөгө кайтып келүүгө убакыт келгенин айтышат. Албетте, мен өзүм келүүгө даярмын. Бирок, ал үчүн Кыргызстандагы саясый акыбал жагымдуу болушу зарыл. Кайтып келүүмдү менин саясый оппоненттерим өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланышып, коомдо кандайдыр бир бөлүп-жарууну жаратышын албетте, мен каалабайм. Биздин элдин бейпилдиги жана өлкөдөгү саясый туруктуулук мен үчүн жогору турат.

– Маек бергениңиз үчүн сизге рахмат, Аскар Акаевич. Кыргыз эли, Ала-Тоо жери сизди күтөт. Келе жаткан мааракеңиз кут болсун!

– Жалпы кыргыз элибизге тынчтык, ынтымак, жакшылыктарды тилейм. Сиздерге да ийгилик каалайм.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...