
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” парламенттик фракциясы эл аралык мамилелер боюнча Улуттук демократиялык институт (УДИ) менен биргеликте фракциянын 2018-2019-жылдагы ишмердиги боюнча кыскача отчет даярдашты.
Отчет бул чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынын 2018-2019-жылдагы ишмердүүлүгүндөгү башкы жетишкендиктери боюнча кыскача маалыматтарды камтыган буклеттер түрүндө басып чыгарылды. Бир жыл аралыгында “Ата Мекен” фракциясы жарандардын конституциялык укуктарынын сакталышы, экономикалык өсүш, калктын социалдык абалынын жакшыртуу боюнча маанилүү мыйзамдарды жазды. Фракция лидери тарабынан жаратылышты сактоо жана келечек муунга ууланбаган, таза Кыргызстанды калтыруу максатында уран казууга мароторий киргизүү боюнча мыйзам жазылып, экинчи окуудан өттү.
Улуттук демократиялык институт (УДИ) активдүү колдоосу менен “Ата Мекен” фракциясынын отчету буклет түрүндө даярдалды.
