Бардык жаңылыктар

«Манас» аэропртуна 5 миллион доллар зыян келтирген Мирлан Бегалиев тергөөгө баалуу маалыматтарды берди

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын мурдагы директору Мирлан Бегалиев тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылганын кабарлады.
Финансы полициясы 30-сентябрда кармалган Бегалиевге Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») шектүү болуп жатканы тууралуу 2-октябрда кабарлама берилгенин, шектүү өз айыбын мойнуна алып тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирет. Шектүүдөн кылмыштын башка катышуучуларына карата баалуу маалыматтар алынган.

Ушул жагдайларга жана кылмыштуу ачууга багытталган тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу, Жазык-процессуалдык кодекстин негизинде кылмыш ишинин бул фигурантынын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч сот тарабынан канааттандырылган. Финполициянын өтүнүчү менен сот шектүүнү кызматынан бошоткон.

Финансы полициясы «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, Бишкек филиалынын ошол учурдагы башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган болчу. 2-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 30-ноябрга чейин үй камагына чыгарган.

Мирлан Бегалиев өзүнө козголгон иш боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...