Бардык жаңылыктар

А сиз билесизби? Белгилүүлөрдүн белгисиз тагдыры...

Стив Жобс, Аpple компаниясынын негиздөөчүсү
Тарыхый жеңилүүсү: Дүйөнөгө белгилүү бизнесмен Стив Жобс Стэнфорд университетинен айдалган. Мындан тышкары өзүнө тиешелүү компанияда жумушунан айдалган. 

Ийгилигинин тарыхы: Айдалгандан соң башка компания ачкан. Ал NeXT Inc деп аталган. Кийинчерээк аны 429 миллион долларга сатып, Аpple компаниясын башкаруу укугун кайра сатып ала алган. 

Билл Гейтс, Microsoftтун негиздөөчүсү:
Тарыхый жеңилүүсү: Гарварддагы окуусун таштап салган. Анын алгачкы ачкан ишкерлиги Traf – O – Data ийгиликсиз болгон.
Ийгилик тарыхы: Кийин Microsoft компаниясын түптөп миллиардер болгон.

Альберт Эйнштейн, физик
Тарыхый жеңилүүсү: Атактуу физик 4 жашына чейин сүйлөй алган эмес. Мугалимдери аны акыл-эси кем деп эсептешчү. 
Ийгилик тарыхы: Салыштырмалуулук теориясын иштеп чыгып, нобель сыйлыгына ээ болгон. 

Томас Эдисон, ойлоп тапкыч
Тарыхтагы жеңилүүсү: Лампочканы ойлоп табуу боюнча миңден ашык ийгиликсиз аракеттерди жасаган.
Ийгилик тарыхы: Кийин лампочканы биринчилерден болуп өзүнө патенттеген. Электр эсептегичин, фонографты ойлоп тапкан. Дүйнө жүзү боюнча 4 миңге чукул ачылыштардын патентинин ээси болуп саналат. 

Майкл Джордан, баскетболчу
Тарыхтагы жеңилүүсү: Мектептеги баскетбол командасынан куулган.
Тарыхтагы ийгилиги: Кийин дүйнө жүзүнө таанылган белгилүү баскетбол жылдызы болууга жетишкен.

Стивен Спилберг, режиссер
Тарыхтагы жеңилүүсү: Түштүк Калифорния Университетине 3 ирет тапшырып, 3 ирет тең өтпөй калган. 
Тарыхтагы ийгилиги: Ал тарткан тасмалар жалаң хит болуп, учурдун мыкты режиссёру экендигин далилдей алды. Ага тиешелүү «Список Шиндлера», «Челюсти», «Парк юрского периода» ж.б тасмалар бар. 

Опра Уинфри, телеалыпбаруучу
Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Кедей үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Өспүрм кезинде жалгыз бой эне болгон. 
Ийгилик тарыхы: Учурда дүйнө жүзү боюнча эң белгилүү шоунун алып баруучусу жана мурдагы кедей жашоосу эми артта калган. 

Джоан Роулинг, жазуучу
Тарыхтагы жеңилүүсү: Жазуучу жалгыз бой эне болуу менен бирге кезинде 12 басма үйү андан баш тартышкан. 
Тарыхый ийгилиги: Горри Поттер жөнүндөгү окуялар камтылган китептердин бир нече томун жазып, китепти дүйнөлүк бестселлерге айланта алган. Ал эми Гарри Поттер бренди бүгүнкү күндө 13 млрд доллардан ашык бааланат. 


Уолт Дисней, сүрөтчү-мультипликатор
Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Гезиттердин биринен фантазиясынын жоктугунан улам жумуштан айдалган. Анын биричи ачкан фирмасы банкротко учураган. 

Тарыхтагы ийгиликтери: Көпчүлүккө белгилүү каарман Микки Маусту ойлоп тапкан. Мындан тышкары The Walt Disney Company компаниясын негиздеген. Жалпы жонунан 32 Оскар сыйлыгынын ээси. 

Мэрилин Монро, актриса
Тарыхтагы ийгиликсиздиги: Ал каттап жүргөн моделдик агенттикте ага модель болуунун ордуна катчылык кызматты сунушташкан. 

Ийгилик тарыхы: Убакыт өткөндөн кийин белиглүү актрисага айлана алган. Мындан тышкары дүйнөдөгү  сексуалдуу айым деп табылган. 

Сайкал Илиасова  
Булак:Де-Факто





Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...