Бардык жаңылыктар

Сенектик доордон өнүгүү жолуна кадам...

Октябрь айында КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун  президенттик кызматты аркалагандыгына эки жыл толду. Ошондуктан ушул аралыкта мамлекет башчыбыз кандай иштеди жана эмнелерди жасады деген суроолор өзүнөн өзү жаралууда. Андыктан биз өлкө башчыбыздын ишмердүүлүгүнө кыскача токтоло кетели.

С. Жээнбековду А. Атамбаев эмес, эл тандады

Эң оболу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары тарабынан айтылып жүргөн “С. Жээнбековду А. Атамбаев тандап, президент кылды…”,- деген сөзгө дагы бир ирет тактоо киргизип коёлу. Ооба, мурдагы президент ошол учурда же 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда өзүнө мураскер катары С. Жээнбековду тандагандыгын тана албайбыз. Бирок анын бул чечими менен эле маселе чечилип калбайт да. Алгач КСДПнын курултайы болуп, анда делегаттар бир добуштан алдыдагы президенттик шайлоого өздөрүнүн партиясынан С. Жээнбековду көрсөтүштү. Андан соң үгүт иштери башталып, ар бир талапкер элге өздөрүнүн план, платформаларын айтып чыгышты. Ошол үгүт маалында эле шайлоочулардын көпчүлүгү С. Жээнбековду тандап алышкандыгы белгилүү боло баштаган. Себеби буга чейин татыктуу президентти шайлай албай, сүткө оозун күйгүзүп алгандай абалда калган элибиз бул талапкердин ата-тегинен баштап, өзүнүн басып өткөн жолуна чейин иликтеп гана бүтүм кабыл алышты окшойт. Чындыгында эле көп бир тууган Жээнбековдордун ага чейин эле династиясы эл оозунда айтылып жүргөн. Атасы, раматылык Шарип аксакал СССРдин учурунда соода-сатык тармагында райондук, шаардык, облусттук деңгээлде жетекчи кызматтарда иштеп, бир ирет да ичип-жегендиги, элдин же мамлекеттин мүлкүнө кол салгандыгы тууралуу сөз болгон эмес. Бул сөзүбүзгө Шарип аксакал Жалал-Абадда кооперативдин жетекчиси болуп иштеп жүргөндө үйүнө кирген ууруларды өзү кармап алып, аларды уруп-сабап, милицияга кармап берүүнүн ордуна “Силер деле кара курсакты багайын деп ушул жолго түшүп жүрөсүңөр, бирок мындай кылбагыла…”,- деп, курсагын тойгозуп, колдорун да куру калтырбай сыйлап узаткандыгы ал кишинин айкөлдүгүн далилдеп турат. Эми ушундай кең пейил, душманына да жамандык кылбаган адам өзүнүн балдарын деле ыймандуу жолдо тарбиялай тургандыгы бештен белгилүү эмеспи.

Ким кандай ойлойт, билбеймин. С.Жээнбековдун шайлоодогу дагы бир “көзүрү” – анын сабырдуулугу, токтоолугу, ачууга алдырбай, жети ойлоп бир чечим кабыл алгандыгынан тышкары беш маал намаз окуган диндарлыгы, жеңебиз да башынан жоолугун түшүрбөй, дин жолунда экендиги болду. Андыктан өлкөбүздүн шайлоочуларынын 80%ын түзгөн мусулмандардын көпчүлүгү С. Жээнбековду тандашты. Айтор, президентти А. Атамбаев эмес, эл өзү тандады. Эгер элдин назарына түшпөсө же шайлабаса, А. Атамбаев кантип жалгыз өзү президент кылмак эле.

Мындан тышкары С. Жээнбеков айрым оюу бузуктар айтып жүргөндөй, “асмандан түшө калган” жок. Кара-Кулжа районундагы өзү туулуп-өскөн айылда орус тили мугалими болуп, кийин чарбалык жетекчиликте иштеп жүрүп, көп жыл Эгемендиктин алгачкы жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында депутат, төраганын орун басары катары иштеп, Т. Усубалиев, А. Масалиев сыяктуу легендарлуу депутаттардын катарында отуруп такшалган.

“Досун” эмес, элди тандады

Көрсө, А. Атамбаевдин оюу башында эле бузулган экен. Ал С. Жээнбековду бийликке алып келип, өзү Кой-Ташта чалкалап жатып алып, С. Исаков жана башка “балашкалары” аркылуу башкарып, каалаганын жасамак экен. Анын мындай бузукулугу инаугурациядан кийин Ак үйдөгү иш бөлмөсүн, андан кийин Ала-Арча резиденциясындагы президент жашай турган үйдү бошотпой койгондо эле билинген.

Эгер А. Атамбаев “аталык” катары мамлекетти жамбаштап жатып алып башкарууну улантып, С. Жээнбеков формалдуу түрдө гана президент болсо, анда ага чейинки алты жылдагы сенектик доор уланып, криминал, коррупция ого бетер гүлдөп, мунун акыры Кыргызстандын мамлекет катары жок болуусуна алып келмек. Сыягы, мындай өкүмзордук менен кыянатчылыкка чыдай албаган жана эл менен мамлекеттин тагдырын А. Атамбаев баштаган бир ууч кланга салып берүүнү каалабаган С. Жээнбеков туура жолду тандап алды окшойт. Дегеле инсандык, адамгерчилик сапаты бийик адам мындай ыплас жолго түшмөк эмес.

С. Жээнбеков мындай билдирүүнү 2018-жылы 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөбүздүн күч органдарынын катышуусунда мындан ары коррупцияга каршы катуу күрөш жүрө тургандыгын жарыялап, “Коррупция менен күрөшүүдө досумду да аябаймын!…”,- деген билдирүүсү жалпы кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болду. Анткени андан мурдагы эки ирет болгон революция-төңкөрүштөрдү айтпаганда да, 2010-жылы 7-апрелден кийинки Бишкектин дүкөндөрүнөн тартып, банктардагы ири суммадагы акчаларга чейин таланып-тонолгон морадёрчулук, бандиттер менен паракорлордун келемиштей кутуруп кеткендиги карапайым эл менен ишкерлерди мите курттай соруп бүткөн болчу. Президенттин дал ушул эски “досун” эмес, эл менен мамлекетти тандаган чечкиндүүлүгү А. Атамбаевдин алты жылдык сенек дооруна бөгөт коюп, өнүгүүгө карай жасаган кадам болду.

“Жакшы болуш аста-аста”

“Москва деле бир жылда курулган эмес”,- демекчи, жогоруда айтылгандай, бир эмес, эки ирет талоончулук менен коштолгон революция-төңкөрүштү баштан өткөргөн, бала бакчадан тартып, Ак үйгө чейин паракорчулук гүлдөгөн, ал тургай көнүмүш көрүнүшкө айланган мамлекетти бир-эки жылда эле гүлдөтүп жиберүү олуянын деле колунан келбейт. Баардыгынан да күндүзү С. Жээнбековго кызмат кылымыш болуп, түнкүсүн “патрону” А. Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайына каттап, ал жерге чогулган бир ууч адамдарга бука союп берген эки жүздүү чиновниктер менен иштешүү оңой эмес.

Ооба, С. Жээнбеков шайлоо алдында мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин маянасын 25 миң сомго көтөрүүнү убада кылган. Бул президенттин ниет-тилеги болчу да. Эгер экономика кыйрап, жарытылуу ишкана иштебей, дале болсо алып-сатарлык менен алектенип жүрсөк, бюджетте кайдан каражат болмок эле. Ушундай кыйынчылыкка карабастан, былтыр медициналык кызматкерлердин маянасы, пенсия көтөрүлдү. Жакында болсо мектеп мугалимдеринин да маянасы 30%га жогорулап, эми бала бакчанын тарбиячысы менен катардагы мугалим мурдагы 10 миңге жетпеген айлыктын ордуна 17 миң сомдон алып калышты. Ноябрь айынан тартып милиция кызматкерлеринин да айлыгы 40%га көтөрүлөрү айтылууда.

Эң негизгиси, чиновниктер пара алуудан коркуп, таза иштеп калды. Бул деген жалпы өлкө жарандарынын мамлекетке, президентке ишеничи жаралгандыгынын белгиси. Коррупция менен паракорчулукка бөгөт коюу үчүн санариптештирүү ийгиликтүү жүрүп, айыл жерлерине чейин “Бирдиктүү терезе” ыкмасы менен отчёт берүү, документтерди тапшыруу колго алынууда.

Көпчүлүк жарандарыбыз үчүн туракжай маселеси дале болсо көйгөйлүү бойдон калууда. Бул жагдайды чечүү үчүн Президент С. Жээнбеков  Кыргызстандын жарандарын узак мөөнөттүү турак жай насыясы үчүн керектүү шарттарды түзүү керектигин билдирди. Ошондой эле насыянын үстөгүн 6 пайызга чейин түшүрүүнү талап кылды.

Жеткиликтүү турак жай программасынын 2025-жылга чейинки стратегиясы иштелип жатат.

2016-жылы арзан турак жайдын пайызы 12-14%дан берилсе, 2019-жылы 6-8%дын тегерегинде болуп жатат.

Бул багытта иш жүргүзгөн Мамлекеттик ипотекалык компания  уюшулгандан тартып 2019-жылга чейин республикалык бюджеттен 4,2 млрд. сом бюджеттик насыяга бөлүнгөн. Муну менен катар «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жүгүртүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен ипотекалык насыяга дагы 1 089,9 млн. сом берди.

Республикабызда эки жылдан бери катары менен “Айылдарды көтөрүү жылы” деп жарыяланып, Эгемендүүлүк жылдарында алгачкы ирет быйыл райондук деңгээлдеги жолдорду оңдоого бюджеттен 600 млн. сом бөлүндү. Президент мындан тышкары кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин бүтүндөй өлкөбүздү таза суу менен камсыз кылууну убада кылып, бул багытта да кызуу иштер жүрүүдө.

Кыргызстандын тышкы саясаты да оң жолго түштү

Элибизде эзелтен бери эле “Кошунаң менен ынтымактуу жаша” деген сөз айтылып келет. Бирок мурдагы президент А. Атамбаев ата-бабаларыбыздын бул накыл сөзүн тескери кабыл алып, боордош, кошуна мамлекеттер менен да мамилени бир топ бузуп кетти. Эң алгач өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн мурда “Аби эле аби”,- деп акидей асылып жүргөн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын дарегине бир топ жагымсыз сөздөрдү айтты. Баарынан да 2015-жылы Түркия өз аймагына кирип кеткен Россиянын учагын атып түшүрсө, ортого Атамбаев аралаша коюп, Түркиянын дарегине бир топ жакшы эмес сөздөрдү сүйлөдү. Анын бул ээн ооздугу өзүнө эмес, эки мамлекеттин мамилесине тийип, миллиондогон доллар түрк жардамынан куру калдык. Ал эми С. Жээнбеков президент болуп шайланган соң алгачкы чет өлкөгө сапарын Түркиядан баштап, өтө жогорку деңгээлде кабыл алынды жана эки боордош эл менен мамлекеттин сууп бараткан кызматташтыгын оң жолго салганга жетишти.

Дал ошол А. Атамбаевдин кесепетинен 3 жыл бою өтпөй жаткан Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин Саммити 2018-жылы Чолпон-Атада өтүп, Эрдоган баш болгон баардык түрк тилдүү мамлекеттердин президенттери келип беришти.

Б. Талгарбеков “Атамбаев кыргызга миң жылда бир келген кесепет”,- деп туура, таамай айткандай, бул атың өчкүр А. Атамбаев бир эл болгон кыргыз-казактын ортосуна да чок ыргытып кетпеди беле. Болгондо да Америкага барып алып, БУУнун Башкы ассамблеясынын саммитинде 45 минуталык сөзүнүн 30 минутасын Казакстанды мамлекет катары бутуна тургузуп, дүйнөнүн алдыңкы 50 мамлекетинин катарына кошуп койгон Эл басы Нурсултан Назарбаевдин дарегине өтө жосунсуз сөздөрдү сүйлөгөн болчу.

Ага жооп катары дал дыйкандарыбыз түшүмүн жыйнап, Казакстан, Россияга ташып аткан күз маалында баурдастар чек арасын жаап коюп, миңдеген фермерлер сызга отуруп калышты.

С. Жээнбеков бийликке келери менен эле казак бийлиги менен тил табышып, баардык таарынычтар артта калды. Бул элибиздин, мамлекетибиздин, экономикабыздын өнүгүүсүнө жана кылымдар бою базарыбыз жана мазарыбыз бир болуп келаткан кошуналар менен карым-катнаштын туура жолго түшкөндүгү болуп саналат.

Адилет Жапаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...