Бардык жаңылыктар

Жамангулов жорго жүрүшү менен жолун улоодо

«Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов өзүнүн түздүгүн, калыстыгын «бажа-гейт» мафиясын чукуган маалда эң сонун тастыктап, элдин алкышына татыганын билебиз. Андан бери өз ишинин майын чыгарып, жорго жүрүшү менен жолун улоодо. Айтсак, Өлкө башчысы тарабынан жарыяланган санариптештирүү демилгесине Акылбек мырза билек түрүнө киришип, өзгөчө салымын кошууда. Аймактарга жаңы базалык станцияларды куруу, сапаттуу байланыш менен жогорку ылдамдыктагы 4G интернет менен камсыздоо ишин пландуу түрдө жолго койо алды. Жакындан бери мобилдик төлөмдөр тиркемеси иштей баштады. Бул муниципалдык кызматтын түйшүгүн кадимкидей жеңилдетет, элдин убактысы менен каражатын да үнөмдөйт. Мисалы, калыптанган ишти алсак, кайсы бир кызматкер миңдеген төлөмдөрдү бир канча убакыт жана материалдык чыгымдарды коротуу менен кагазга чыгарып, үймө-үй кыдырып таратат. Ал эми кардар аны колуна алгандан кийин тийиштүү жерге убактысын жана каражатын коротуп барып тєлєп жүргөн. Мобилдик төлөмдөр ушул түйшүктөрдү түп орду менен жойду. Быйыл эли-журт анын фактысын унаа салыгын тєлєгєн маалда көрдү. Буга чейин салык кызматынын мекемесин таап барып, тийиштүү кагазды сатып алып толтуруп, андан соң банкка барып узун кезекке туруп төлөп, квитанциясын алгандан кийин салык кызматынын рээстрине киргизип, андан соң айнекке чаптай турган тегерек кагазын алып жїрїшкєн. Буларды жасаганга чейин канчалаган финансылык чыгым, бир топ нерв корогон. Санариптешкенден кийин салыкты 40 секундда тєлєп калды. Бул факты классикалык тєлєм менен санариптин айрымасы асман менен жердей экенин тастыктады. Жакында соцфонд, салык жана ишке алынган маалдагы справкаларды, ИИМден берилїїчї соттолбогону тууралуу ишеним кагаздарды санариптик платформага өткөргөнү турат. Бали!

Аман Иманалиев
Булак:ДЕ-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!