2003-жылы Кумтөр алтын кени кыргыз мамлекетинин башкаруусуна өтүш керек эле. Колунда Кумтөрдүн 67% акциясы турган кыргыз өкмөтү кенди толугу менен көзөмөлүнө алып, аны мамлекет, элдин кызыкчылыгына иштетүү алдында турган.
Бирок Акаев үй-бүлөсү, канадалык табакташтары менен бүтүндөй мамлекеттин башын айлантып, “Центерра голд инк” компаниясы түзүлдү, анын курамына Кумтөрдөн сырткары АКШнын Невада штатында, Түркияда, Монголияда (Бороо) алтын кендер кирди, ошолорду кошуп эсептегенде Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” үлүшү 33% эле болуп калды деп алдаган. Кийин айкын болгондой “Центерранын” курамында Кумтөрдөн башка эч кайсы кен жок болуп чыкты. Буга баарыбыз күбөбүз.
Ошентип Акаев кыргыз мамлекетин, кыргыз элин алдап кетти. Миллиарддап алдап кетти. Өлкөнү сызга отургузуп кетти.
Кумтөр трагедиясынын, аферасынын башаты ошентип башталган. Ал бутпөй келатат...
Акаев ошол байкуш 33% акциянын 17% ошол замат эле 80 млн. долларга сатып жиберген. Ал 80 миллион доллар кайда кеткени да ушул кезге чейин белгисиз.
Мына ушул ишти жасаган Акаев жана үй-бүлөсү Кыргызстанга кайтып келүү, ал эле эмес саясатка аралашуу максатында айрым аракеттерди жасап жатканы байкалат. Маселен, Бермет Акаева Кыргызстанды чалгындап, ал эмес Ширин Айтматованы каржылап, чоң саясатка таптап жатканы жөнүндө сөздөр бекеринен чыкпаса керек...
Айданбек Акматов, журналист.
Булак:Чындык
Тектеш кабарлар
Кимге ким “чоң казатты” баштаганы калды?!. Саясат // 5-06-2019, 08:35 |
Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө… Президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн” Маек // 11-10-2019, 11:45 |
Темир Сариев: «2016-жылы Хаменюк Атамбаевдин атына “Сарыгулов ай сайын менден 200 миң доллар талап кылып турчу” деп атайын кат жөнөткөн» Маек // 10-03-2019, 11:22 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |
ЖАҢЫ МАЕК - Өмүрбек Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек» Маек // 6-04-2019, 19:08 |