Дайыр Кенекеев шар жүргөн, бетке чабар, заманбап жетекчи. “Жаштар келсе ишке” деген кептин ырасы бар окшойт. Биздеги аткаминерлер «жашара» баштаган соң мамлекетте да жандуу кыймылдар башталды. Алсак, Дайыр Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болуп барганы бул тармакта ич жылытарлык иштердин орун алып жатканы кубандырат. Алсак, буга чейин мамлекеттик иш-кагаздар, орто жана жогорку окуу жайлардын документтери деги койчу мамлекетке таандык делген кагаз аттуунун көбү жеке менчик басмаканалардан басылып келген. Мурда бул келтирилген иш кагаздар дал ушул "Учкун" ишканасынан чыкчу. Дайыр Кенекеев жетекчи болуп келгени "Учкундагы" эскилиги жеткен жабдууларды жаңыртып, бир топ иштерди жөнгө салууга жетишкенсиди. Анын алкагында мамлекеттик иш кагаздарды кайрадан мамлекеттик ишканадан басып чыгаруу жагын жөнгө салуу аракетинде үзүрлүү кадам таштоодо. Кенекеевдин бул демилгеси жемиштүү анан да маанилүү болгонун калыстык катарында айта кеткенибиз оң.
Мындайча айтканда Дайыр мырза учкундан "жалын" тутантып жаткан чагы. Учурда жеринде чечилчү маселелер чечилип, айрымдары көзөмөлгө коюлду. Ачыгын айтуу керек, айрым учурда Дайыр мырзаны обу жок сынга алгандар да жок эмес. Бирок иштеп, аракет кылып жаткан жетекчини колдоп койгонго неге болбосун?! Дайыр Кенекеев вице-премьер кезинде да эл аралап, элдин көйгөйүн ыкчам чечүү менен карапайым калктын колдоосуна татый алган. Ал гана эмес тээ алыскы ООНдун трибунасынан дагы суу маселесин көтөрүп, өлкөнүн аброюн татыктуу көтөрүп келгени эсибизде. Иш бөлмөдө олтуруп алып башкаргандан көрө Дайыр Атакозуевичтей болуп эл аралаган жетекчи элге жагат эмеспи. Ушул таскагыңыздан жазбаңыз Дайыр мырза, эл аралаган, эл менен болгон адам гана элдин колдоосуна ээ болот. Изги тилек менен элге кылып жаткан кызматыңызга ийгилик гана каалайбыз!
ЧЫНДЫК
Тектеш кабарлар
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет Куш кабар // 22-04-2019, 16:58 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Мелис Мырзакматов: “МАГА ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА КИНЕ КОЙГОН ЭМЕС...” Маек // 23-03-2019, 07:36 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет Куш кабар // 12-03-2019, 14:53 |