Бардык жаңылыктар

Депутат Алтынбек Жунус уулу: «Бүгүнкү күндө сот-укуктук реформадан улам сот жыйындарынан калыс чечимдер чыгып жатат деген деӊгээлге жете элекпиз»

Кечээ, 25-октябрда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында “КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган сот-укуктук реформанын алкагында, жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин ошондой  эле КР Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин жана Соттор кеңешинин ишмердүүлүгү каралды.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алтынбек Жунус уулу сотторго болгон ишенимдин жоголуп жаткандыгын күбөлөндүргөн фактыларга токтолду. Анын айтымында, кабинетинен пара алып кармалып, 12 жылга соттолгон кайсы бир кызматкер 2 жылдан кийин эркиндикке чыгып кеткен. Ошоло эле маалда кошунасынын челегин уурдаган жаран 5 жылга кесилген. «Мындай жагдайда элдин нааразычылыгы күчөйт да. Ушул сындуу нааразычылыктарга Жогорку Сот жооп берип турушу зарыл. Жооп бербегенинен улам, сотторго болгон элдин ишеними өтө төмөн. Бүгүнкү күндө сот-укуктук реформадан улам сот жыйындарынан калыс чечимдер чыгып жатат деген деӊгээлге жете элекпиз»,- дейт эл өкүлү.

Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев соттук-укуктук реформаны алга жылдыруу үчүн бийликтин баардык бутактары чогуу талкууласа натыйжа чыгат эле деп, жыйынга Жогорку Соттун өкүлдөрүнөн келбегенине нааразычылыгын билдирди.

Тектеш кабарлар
Сооронбай Жээнбеков: Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл
Куш кабар // 22-11-2019, 14:43
«Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев: «Сот-укуктук реформада радикалдуу кадам жасалды, бул кадамды токтотпой улантуу зарыл»
Куш кабар // 26-10-2019, 12:15
К. ДЖУНУШАЛИЕВ: МИЛИЦИЯ ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУП, ЭЛ МҮДӨӨСҮН ЧЕЧҮҮСҮ КЕРЕК, ЭГЕРДЕ МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕН КОЙГОН ТАПШЫРМАЛАРДЫ АТКАРА АЛБАСА, ЖАҢЫЧА ИШТЕЙ АЛБАГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ИШТЕГЕН ИШИНЕН КЕТИШ КЕРЕК
Куш кабар // 30-07-2019, 19:00
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет
Куш кабар // 12-03-2019, 14:53
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады