Бардык жаңылыктар

Сур-эчкинин каргышы же “алабашка” ажал сунган Жыргалбек Турускулов “Чыгышэлектро” боюнча козголгон кылмыш ишин кантип “дым-дым” кылган?

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов тууралуу жазгыбыз келди. Жыргалбек мырза Жумгалдан чыккан депутат. Өзүн Байзак Баатырдын урпагымын деп даңазалап жүрөт. А түгүл 2014-жылдын 10-октябрь күнү Байзак Баатырдын 185 жылдык мааракесин Чаек айылында дүркүрөтө өткөргөн. Көрсө, саясатка аттанам деп турган Турускулов 2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоонун алдында элге атын даңазалоо максатында өткөргөн экен да. Андан бери туптуура 5 жыл өттү. Кыйын болсо Байзак Баатырдын 190 жылдыгын быйыл деле өткөрбөйт беле?
Ушул Турускулов баскан-турганын эле сүрөткө тартып интернетке чыгара бергенди жакшы көрөт. “Ушундай кылсам эл өкүлү катары иштеп атканымды айтып атам”- деп ойлойт окшойт. Аңчылыкка чыкканды сүйгөн бул депутат тоо теке атып сүрөткө түшүп аны интернетке чыгарып сынга кабылган. Өзү мактанып чыгарбаса Турускуловдун кайсы күнү, эмне кылып жүргөнүн биз билмек белек? Аны тереңден ойлонбой чыгарып ийип тепкиге калган жайы бар. Ии, баса мындан эки жыл мурун кайсы бир мектепке берген 6 штук топту сүрөткө тартып, жардам бердим деп чыгарганын көрүп боорубуз эзилген. Дагы бир жолу кадимки 1 сомдук тыйындын элеси түшүрүлгөн жыгач жасалганы борборубуздагы “Кыргызстелекомдун” алдына орнотуп, “Шаардыктарга белек кылдым”- деп жаздырып койду. Аны эмне максат менен чыгарганын өзү эле билбесе, эл деле түшүнгөн жок.
2020-жылкы парламенттик шайлоо жакындаган сайын тызылдап жаны тына элек. Кечээ жакында Жумгалга барып, райондун борбору Чаек айылындагы кичинекей скверди жасатып, ага губернаторду баш кылып чыкырып ачылышын өткөрүптүр. Аны жасалгалаганга кеткен каражатка караганда чакырган конокторун коноктогонго кеткен каражаттын көлөмү көп болгонун баргандар айтып күлүп атышат. Айтор, “пиарды” мыкты өздөштүргөн эл өкүлү ар кандай жолдор менен элге атын эскертип тургусу келип атканын аңдабай түшүнсөк болот.
Жыргалбек Күрүчбекович өзүн бир принцип менен жүргөн саясатчы катары көрсөткүсү келет. Бирок, бир учурда жардам берген адамдарды каратып туруп сатып кеткени адамгерчиликтин кайсы түрүнө кирээрин өзү эле билбесе, биз беле албайт экенбиз. Дегенибиз, Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылыкка келгенде так ушул Жыргалбек Турускуловду “Чыгышэлектр” тармагына жетекчи кылган. Ал жактан эмне болуп кеткенин алдыда дагы сөз кылабыз. Кийин 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмеси менен так ошол Бабанов депутат кылганы жалган эмес да. Анан кызматтан-кызматка көтөрүп, жакшылыкты ченебей кылган Өмүрбек Токтогуловичтин башына кара булут айланганда Жыкең сатпадыбы! Тактап айтканда, 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Токтогуловичтин сыртка чыгып кеткенин пайдаланган Күрүчбекович Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясын жетектеп олтурган Бабановдун досу Руслан Казакпаевди жыга тартып, анын ордуна фракция лидери болуп олтуруп алды. Абийири бар адам мындай пастыкка бармак эмес да, туурабы? А бүгүн кырдаал башка, Жыргалбек Күрүчбекович мышыктын образында жыла басып кирип чыгып иштемиш этип атат. А Өмүрбек Бабановдун жанына жолой албай калды. Мындан улам, “кийинки шайлоодо кимдин этегин кармайм” деген санаада, ой басып жүрөт.
Жана башында сөз болуп кеткендей биздин “каарман” Жыргалбек Турускуловдун “Чыгышэлектр” тармагын жетектеп тургандагы “фокустары” тууралуу айта кетсек ашыкча болбос чыгаар. Бул боюнча сөз болсо эле актанып калмай адаты бар, өзүнө чаң жугузбай. Бул ирет да актанаары турган иш. Оозуңду ачып бир сөз айтардан мурда алды артыңда кара да, туурабы? Ошол Турускулов бир учурда жетектеген “Чыгышэлектр” акционердик коому өлкөбүздүн Ысык-Көл жана Нарын обулустарында электр тармагын жөндөй турган ишкана. Кайсыл бийлик же өкмөт келсе да мындагы жогорку кызмат орундары алардын көзүн кызыктырып, талашка түшөт. Ишти жөндөй алабы – жокпу кызыктырбайт, иши кылып өз киши болсо болду. Мына ошол көздү кызыктырган башкы директорлукка 2011-жылдын февраль айында туздөн-түз Өкмөт башчынын чечими менен Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович дайындалат. Өзүнүн кесиби экономист, соода-сатык менен шугулданып жүргөн, бир күн да мамлекеттик кызмат түгүл мамлекеттик мекемеде, эң кызыгы электр жаатында иштебеген, электр тармагын жетектемек түгүл үйдөгү бузулуп калган точканы оңдой албаган Жыргалбек мырза ошентип креслого олтуруп калган эле. Бакандай башкы директор болуп.
“Нысапсызга кашык берсең беш уурттайт” дегендей болгонбу, айтор, “Чыгышэлектр” тармагынан “мыйзам бузуунун” илеби ура баштаганын сезгенби тиешелүү органдар иликтей баштайт. Ошентип иштеп баштаган башкы директордун ишмердүүлүгүн КРнын Эсеп палатасы текшерген учурда компанияга 5 миллион сом өлчөмүндө каржылык зыян келтирилген фактысы аныкталган. 2011-жылдын октябрь айында 10 000 (он миң) даана электр эсептегичтер (счетчик) сатылып алынат. Базар баасы 300 сомдон турган бир фазалуу счетчиктер 750 сомдон кириштелсе, 1000 сом турган үч фазалуу счетчик 2500 сомдон кириштелген. Кытайда жасалган счетчиктер компаниянын ичиндеги метрологиялык кызматтын атайын текшерүүсүнөн өтпөй эле кардарларга сунуштала берген.
Адистердин айтымында, алардын сапаты тиешелүү стандарттарга жооп бербейт жана Кытайдан контрабандалык жол менен ташылып келинген. Тиешелүү жабдуулары жоктугунан улам компания ящик, автомат жана пломба коюу үчүн ар бир счетчик үчүн кошумча 300 сомдон дагы чыгымга учураганы үчүн Турускуловдун иши сотко өткөн эле. Ошондо эле бул иш гезиттерге чыгып кылмыш иши козголгону козголуп, бирок жабылуу аяк жабылуу бойдон калчу эле, бул дагы суудан кургак чыгат окшобойбу деген божомолдор бүгүн чындыкка дал келип, Турускулов мырза минтип кыңыр иштерин акчанын күчү менен жаап туруп бакыйган депутат болуп олтурат. Бизди кызыктырган ошол козголгон кылмыш иши кантип жапты экен? Канча сумма менен ооз басырык бери экен? Биз кызыккан суроону бердик, балким өзү окуса жооп берип коет чыгаар…

Арина Рысбаева
Булак: «Майдан»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады