Бардык жаңылыктар

Демократтар Трамптын импичменти тууралуу ачык угууларды өткөрүшөт

АКШнын президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында ачык угуулар келерки аптада башталат. Бул тууралуу Өкүлдөр палатасынын Чалгындоо комитетинин башчысы Адам Шифф билдирди.

13-ноябрда АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор жана АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Мари Йованович көрсөтмө берери күтүлүүдө.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы информатор анда Кошмо Штаттардын президенти украин лидерин өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден жана анын уулунун Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты "ыйгарым укугунан аша чапты" деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштаган.

Конгрессте ондогон дипломаттар жана Трамптын администрациясынын кызматкерлери көрсөтмө беришкен. Алар Киевге кысым көрсөтүүнүн белгилери болгонун белгилешкен. Бирок бул жараянга АКШ президентинин түздөн-түз кийлигишкени тууралуу далил жок.

Эгер Өкүлдөр палатасы Трампка импичмент жарыяласа, бул ишти АКШ Сенаты карай баштайт. Президентти бийликтен кетирүү үчүн Конгресстин жогорку палатасынын сенаторлорунун үчтөн экисинин макулдугу керек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады