Бардык жаңылыктар

Кыргызстан ЕАЭБден автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат


Кыргыз өкмөтү 19-ноябрда Москва өтө турган Евразия Экономикалык комиссиясынын жыйынында үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Чечим бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт.

Мисалы, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты