Бардык жаңылыктар

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейине, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрына барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө  Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине  арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү.

Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана анын кино искусстводо,  живопистеги чыгармачылык жолу тууралуу сүрөттөр, үй-бүлөлүк музей архивинен  фотоматериалдар коюлду.  

 Президент ошондой эле имараттын абалы жана музейдин залдары анын борбордук сактоочу жайы менен таанышты.

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Музейдин директору Мира Жангарачева маалымат беришти.

Алар музей капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин белгилешти.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына барды.

Театрдын ремонт ишитерин жүргүзүүдөн кийинки абалы менен таанышты.

Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 77-театралдык сезонунун ачылышына карата искусство чеберлеринин концерттик программасын көрдү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  маалыматы боюнча 2019-жылдын 15-июлунда башталган Опера жана балет театрынын имаратын ремонттоонун жыйынтыгында Малахит залы,  эки балет залы, артисттердин гримденүүчү имараты реконструкцияланды, механикалык жабдуулар, театралдык сахнаны жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды.  

 Эске салсак, буга чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы ремонттолду, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери жүргүзүлөт.




Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады