Бардык жаңылыктар

«Азаттыктын» "миллиондордун изи" аттуу иликтөөсүндө аты аталган Саймаитини атып кетишти

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айэркен Саймаити өлтүрүлгөнү кабарланды.

Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат кызматтары кабар таратышты. Окуя 10-ноябрда кечке жуук, Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткирилген Саймаитинин жаракаты оор болгондуктан каза тапкан.

Саймаитинин ысымы «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган.
Стамбул шаардык прокуратурасы Айэркен Саймаитиге куралдуу кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуя болгон жерде изилдеп иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады