Бардык жаңылыктар

Кемел Ашыралиев, Нарын областтынын биринчи губернатору, коомдук ишмер: «Разаковдун кызматтан кетүүсүнɵ Усубалиев эмес, Муканбет Исаев себепкер болгон…»

Эл алдында таза иштеген, бүткүл журтка жүзү жарык, учурда коомдогу окуяларга калыс пикирин айтып, кадыр күткɵн аксакалдар саналуу. Алардын бири, чындыкты бурмалабай, жалтанбай айтып жүргɵн Кемел Ашыралиевди Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы боюнча кепке тарттык. Арасында кɵп сɵздɵр козголуп кетти.



--Кемел Жакешович, коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленип, борбордо жана аймактарда иш-чаралар ɵткɵрүлдү. Сиз аксакал катары Баткенге, Ошко, Нарынга, Кɵлгɵ барыпсыз, аймактарда кандай ɵттү?



--Ооба, мен бардык аймактардагы иш-чараларга катыштым. Республикалык жана областтык илимий-теориялык конференцияларда Турдакун Усубалиевичтин Кыргызстанды башкарып турган мезгилиндеги болуп кɵрбɵгɵндɵй ɵнɵр-жайдын, айыл чарбасынын, курулуштун, маданияттын тездик менен дүркүрɵп ɵсүшүн, анын кадрларды туура тандаганын, таза иштегенин, карапайым адамдарга камкордугун, жекече бийик адамдык сапаттарын, кагаз менен иштɵɵдɵ эң жогорку сабаттуулугун, райондорго барганда тийип-качпай ошол ɵрɵɵндɵгү кɵйгɵйлɵрдү конуп-түнɵп, керек болсо жɵɵ-жалаңдап толук ɵз кɵзү менен кɵрүп, изилдеп, анан аларды сɵзсүз оң жагынан чечкендигин, кыскасы кɵсɵмдүгүн, чыныгы улуу жетекчи болгондугун баса белгилеп жатышты. Негизи, Турдакун Усубалиев деген кыргыз тарыхында бүтпɵгɵн тема да.



--Уюштуруу иши купулуңузга толдубу?



--Баардык жерде коомчулуктун кеңири катмарлары катышты. Уюшуруу жогорку деңгээлде болду. Бардык аймактарда областтардын, шаарлардын, райондордун жетекчилеринин жоопкерчилиги сезилип турду.



--Жоопкерчиликтин бийик болгонун кандай чечмелейсиз?



--Менин баамдашымча, бул саясий иш-чара Президенттин түздɵн түз кɵзɵмɵлүндɵ болгонунда. Турдакун Усубалиев иш тажрыйбасы, эл үчүн жасаган ак эмгеги, баардыгыбызга үлгү, сабак болсун деген ою деп эсептейм. Эгер ɵлкɵбүздүн биринчи лицосу анча кɵңүл бурбаса бардык нерсе эптеп ɵттү болуп кала бермек. Президенттин дагы бир кɵрɵңгɵлүү кадамы – Султан Ибраимович менен Тɵрɵбай Кулатовго Кыргыз Эл Баатыры наамдарын ыйгарганда кɵрүндү. Тɵрɵбай Кулатов абабыз эч билими жок болсо да далай жыл эл башкарган, Кудайдын батасы тийген киши да. Менимче мындай жакшы саясий чечимдер Казакстан жана кээ бир кошуна ɵлкɵлɵргɵ ыңгайлуу мисал болуп, «Кыргызстан кɵзү ɵткɵн мыкты мамлекеттик жетекчилерин туура даңазалап, аттарын түбɵлүккɵ калтырып жатат» деген пикирлерди жаратары бышык. Биздин президент бул маселелерде кыраакылык чечимдери менен утту.



--Мурунку ажого эмне үчүн мындай акыл келбеди экен?



--Атамбаев аксакалдарды ардактамак турсун кɵрдɵн алып жерге, жерден алып кɵргɵ ыргытып, «акшакалдар» дебедиби. Бакиевдин кан тɵгүүсүнɵн кийин ушулардан кɵрɵ баланча-түкүнчɵɵлсɵ болмок деп кээ бир улгайган кишилердин аттарын атаган. Антип даректүү бир, эки кишиге таарынычын айта берсе болот. Ал эми жалпы кыргыз аксакалдарын «акшакалдар» дегени атанын баласына окшобогон абийирсиздик. Мына эми айткан сɵз айланып жүрүп акыры ɵзүнɵ тийип, бармагын тиштеп отуруп калды.



--Президент Бишкектеги райондордун бирине Турдакун Уусубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин кɵтɵрдү, бул колдоого арзыйбы?



--Бул абдан туура сунуш. Бирок муну комплекстүү чечиш керек. Дегеним, жалгыз Усубалиевдин ысымын берип калганын унутсак туура болбойт. Ал кишинин атын берүү менен бирдей-барабар кылып Искак Разаковичтин атын да бир районго ыйгарыш керек. Эгер туура түшүнсɵк, Турдакун Усубалиевичти Исхак Разакович ɵстүрдү. Усубалиев Москвадан Кыргызстанга жиберилиши сɵзсүз Исхак Разакович менен макулдашылган иш. 6 жылдан кийин Кыргызстан КПБКсынын 1-катчылыгына Усубалиевди сɵзсүз дайындайбыз деген Хрущевдун оюнда болушу да мүмкүн эмес болчу. Хрущев ал кезде Сталиндик «культличности» менен кармашып, ɵзү жандалбастап турган мезгил болчу. Ал кишинин БК КПССтин аппаратынан республикалык гезиттин редактору болуп келиши анчалык деле чоң кызмат деп эсептɵɵгɵ болбойт. Анткени партиялык цензура деген болгон. БК эмнени бас, жаз десе редакция ошону аткарчу. Эгерде Исхак Разакович кандайдыр бир ичи тардык, кара ɵзгɵйлүк кылып, кийин менин ордумду тартып алат деген ойдо болсо, ошол алгачкы жылдарда эле Усубалиевди ар кандай шылтоо менен саясий аренадан сүрүп салмак. Ал кезде Исхак Разакович Союздук республикалардагы күчтүү катчы катары эсептелинип турган. Тескерисинче, ага ак ниети менен камкордук кɵрүп бат эле ɵз аппаратына бɵлүм башчы, анан эки жылдан кийин чечүүчү кызматка, Фрунзе шааркомунун 1-катчысына чейин кɵтɵргɵн. Разаков жетим ɵсүп, кыйын кезеңдерди башынан ɵткɵрүп, түз жүрүп, жаман ойдон, ар кандай интриктерден алыс болгон. Ким билет, ошол кезде республикада Исхак Разаковичтен башка жетекчи болгондо Усубалиевдин саясий тагдыры кандай болмок?! Ошого байланыштуу эки залкардын тандеми дайыма бирдей баалыныш керек. Баардык жерде биринин сүрɵтү илинген жерде экинчисинин да сүрɵтү илинип турушу керек.



--Сиз жаш кезиңизден саясатка аралаштыңыз, тарыхты да жакшы билесиз, айтсаңыз, И.Разаковду катчылыктан кетиргендердин башында Т.Усубалиев болгон деген да сɵздɵр бар, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?



--Таптакыр чындыкка туура келбейт. Исхак Разаковичтин кызматтан козголушунабашка адам себепкер болгон. Ал мындайча болгон: Хрущев Америкага барып келгенден кийин, «Американы жакынкы жылдарда кууп жана ɵтүп кетебиз» деген лозунг жарыялаган. Москвада КПССтин бир плденумунда Ат-Башы районунун «Пограничник» колхозунун башкармасы Акунов Такен деген адам «Биз бир жылда эттин планын 2-2,5 эсе ашык аткарабыз» деп сүйлɵгɵн. Хрущев трибунадан: «Кɵрдүңɵрбү, молодец, ушундай бийик тоолуу, катаал шартта иштеп жаткандар бир жылда 2-2,5 эсе план беребиз деп жатса, калганыңар эмнеге бере албайсыңар» деп күпүлдɵгɵн. Нарын обкомунун 1-катчысы Мукамбет Исаев бул куру кыйкырык, кургак ураанын бүтүндɵй Нарын областтына таркаткан. Анан Исхак Разакович областтын мыкты жетекчиси катары Мукамбет Исаевди Республиканын Ички иштер министри кылып дайындаган. Эл арасында экɵɵнүн бажалык тууганчылыгы болгону да айтылып жүргɵн. Анткени Исаевдин аялы дагы татар улутунан болгон. Ошентип Исаев Фрунзеге кɵчкɵндɵ Нарын областтынын, анын райондорунун чоңдору кошоматчылыктан улам кɵрүнгɵн жерге тайларын-койлорун союп, жол боюна дасторкондорун жайып, арак-шараптарды жайнатып, шишкебектерди жасашып, деги койчу Балыкчыга чейин шаан-шɵкɵт менен бир күн кечке узатышат. Анын баарын обкомдун бюро мүчɵсү, Муканбет Исаевдин тууганы, «Нарын Правдасынын» редактору Эралиев Темирбек жакшы ниет менен эле эстелик үчүн деп Ботоканов Садык деген сүрɵтчүсүнɵ тарттыра берген. Исаев Муканбет Обкомдун 1-катчысы болуп иштеп турганда областтык милициясынын башчылыгынан Майрыкеев деген адамды кызматтан алып койгон экен. Ошол Майрыкеев фото корреспондент Ботокановдон тиги арак-шарап ичип майрамдап жүргɵн сүрɵттɵрдүн бирден кɵчүрмɵсүн алдап-соолап, эптеп жолун таап чогултуп жүргɵн болот. Анан бир күнү областта болгон эт боюнча «приписканы» жалган эсепти жазып, баягы узатуудагы арак-шарап ичилип, жилик мүлжүлүп жаткан сүрɵттɵрдү кошуп Москвага жɵнɵтɵт. Борбордон текшерүү келип, кемчиликтер ачылып, Муканбет Исаев кызматтан алынат да, кɵп жылга соттолот. Архивди кɵтɵрсɵңɵр ошол жылы ɵткɵн КПССтин январдагы пленумунда Хрущев Разаковду: «Сиз карышкырга кой кайтартып, «очковтиратель» обкомдун катчысын ИИМ башчысы кылгансыз, силер жалаң гана шашлык менен эт гана жейт экенсиңер»-деп жекирген жери бар эмеспи. Хрущевдин ушундай бүткүл Совет эли угуп турган ачуу сынынан кийин кайсы партиялык жетекчи ордунда кала алат?! Ошентип Кыскасы, Исхак Разаковдун кетишине кимдир бирɵɵлɵр Турдакун Усубалиевди күнɵɵлɵгɵнү тарыхты билбегени, жɵн эле тамтырагандык.



--Турдакун Усубалиевичке ар кандай эстеликтер коюлуптур, сизге жактыбы?



--Ооба, Чолпон-Атадагы эстелик чалкып жаткан Ысык-Кɵлгɵ, мелтиреген тереңдикке айкалышса, Нарындагы айкели тоого, бийиктикке бап келиптир. Кɵлдɵгү эстеликти Кочкор коомунун атынан Марат Исаков, Нарындагы эстеликти Аскар Салымбеков жасатыптыр. Буларга чоң рахмат деп айткым келет. Ошко коюла турган эстеликтин орду да, шаардын чордонундагы жакшы жерге белгилениптир.



--Турдакун Усубалиев куугунтукта жүргɵндɵ, андан кийин да тили тийгендер уялбай теледен чыгып, ж.б. трибуналардан мактап эле атты дейт, буга кандай дейсиз?



--Ооба, ошондой деле болуп жаткансыды. Ар кимдин абийири билет да. Менимче, мактардан мурун: «Мен убагында ар түрдүү жагдайларга ылайык туура эмес пикир айтып коюптурмун, элден же Турдакун Усубалиевичтин арбагынан кечирим сурайм»-деп анан мактап кирсе болор беле дейм да. Деги саясаттын табияты ушундайбы, же саясатчылар ɵзгɵрүп турабы...



--Сиз «Турдакун Усубалиевич кызматтан түшкɵн кезде кɵп бардым, кɵңүл бурдум» деп жүрɵсүз, эмнелер жɵнүндɵ сүйлɵштүңүз эле?



--Ооба, ошондой болгон. Кыскасы, Турдакун Усубалиев кызматтан кеткенден кийин Москвадан келген «десанттар» Усубалиевди партиядан чыгарып эле тим болбостон, бир нерсе табылса түрмɵгɵ отургузсак деген ойдо болгон. Ошол убакта кээ бир республиканын жетекчилерин, РСФСРдын областтарынын кээ бир «герой» болгон катчыларын түрмɵгɵ камашкан. Ушундай учурда 70 жашка жакындап калган Усубалиевдин эркинин күчтүүлүгүн айтсак болот, ак жеринен тепкиленип, күнɵɵсүз күнɵɵлүү болуп, партия деп ɵмүр бою ураан чакырып, анын ана башы болуп, ɵмүрүн бүт партияга арнаган Кыргызстандын Ленинин ɵзүнүн уюмунан чыгарылышы ɵтɵ оор болгон. Мындайды башка киши кɵтɵрɵ алмак эмес. Усубалиевдин эрдиги мына так ушунда. Ушундай оор кездерде аксакалга моралдык жардам керек болчу. Мен ал киши менен ошол мезгилдерде кɵп жолуктум. Областта болуп жаткан иш-чараларга такай чакырып, катыштырып турдум. Кочкор районунун коомчулугун чогултуп, Теңдик айылына Усубалиев атындагы айыл деген наам ыйгарып, аны айылдын эки жагына тең бажрайтып жаздырып, илдирип койдум. Аңгыча 1992-жылы мурдагы депутат министр болуп кетип Нарын районунан бир округ бошоп калды. Мени ошол кездеги президент Аскар Акаев чакырып: «Ал жакка кимди кɵргɵзүп жатасыздар» деди. Мен Турдакун Усубалиевичти кɵргɵзɵбүз дедим. Акаев: «Ал киши Жогорку Кеңешке келсе жɵн жүрбɵйт. Жаңы реформаны кабыл албайт. Жетет 25 жыл башкарганы» деп абдан каршы болду. Бул маселени ошол кездеги кочкордун 1-акими Алтымыш Шаршенбаев болуп Усубалиевдин үйүндɵ бир нече жолу талкууладык. Кыскасы, Акаевге кайра-кайра кирип атып, мен ɵзүм кепил болуп, эптеп Акаевди кɵндүрүп, ал кишинин талапкерлигин жалгыз коюп депутаттыкка ɵткɵрдүк. Турдакун Усубалиев депутат болуп келгенден кийин анча-мынча убакытка чейин тынч отурду да, анан алтын, Кумтɵр маселесин кɵтɵрүп чыкты. Чыңгышевдин чыры башталды. Ал премьерден кетти. Парламентте ызы-чуу болду. «Сиз жɵн жүрбɵйсүзбү» деп кээ бир депутаттардын тили да тийди. «Мына мен айтпадым беле сизге» деп Акаев экɵɵбүздүн ортобузда нааразылыктар башталды. Бул ɵзүнчɵ бир чоң тема. Бирок, бара-бара Акаев Турдакун Усубалиевичти боюна тартып, экɵɵ тил табышып кетти. Биринин саясатын бири жактап калышты. Ошентип, Усубалиев Акаев кызматтан кеткиче эч кандай каршылык кɵрсɵткɵн жок. Бул кашкайган чындыкты бурмалабашыбыз керек...


Зулпукаар Сапанов

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады