Бардык жаңылыктар

Искендер Кадыркулов, «Северэлектро» ААКнын башкы директору: “Авариялык жагдайларды алдына алыш үчүн биздин адистер энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурушат...”

--Искендер мырза, энергетиктердин айтымында, кышкы жүктөмдүн жогорку чегин ийгиликтүү өтүү электр тармактардагы жабдуулардын ишенимдүү иштеши менен аныкталат. Буга байланыштуу «Северэлектро» ААКнын тармактарынын күз-кыш мезгилине көрүлгөн даярдыгын суроо менен маегимди баштагым келип турат?..

--Бүгүн биздин алдыбызда кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү маселеси турат. Албетте, керектөөнүн өсүшү электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө жана тейлөө сапатына таасирин тийгизбей койбойт. Жылына «Северэлектро» ААК боюнча электр энергияны керектөө өсүүдө. «Северэлектро» ААК боюнча электр энергияны керектөөнүн туу чокусу 2018-жылдын 29-январында катталган, анда керектөөчүлөр бир сутка ичинде 37 млн. кВт. саат электр энергиясын колдонушкан. Жылдан-жылга калктын электр энергияны керектөөсү өсүүдө. Бүгүнкү күндө ал жалпы электр энергиянын керектелишинин 62,7% түзүүдө.

«Северэлектро» ААКда энергообъекттерди кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер соңуна чыгып калды. Суук маалында керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергия менен камсыздаш үчүн, энергетиктер учурда жогорку вольттогу көмөкчордондордун күч трансформаторлорун кубаттуулугун жогорулатуу жолу менен жүктөмдөрүн бөлүштүрүүдө. Андан тышкары быйыл “Северэлектро” ААК Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Орто-Алыш-Стрельникова” жогорку чыңалуудагы 35 кВ аба чубалгысын реконструкциялады. Аба чубалгысынын жалпы узундугу 10 чакырым, анын 9 чакырымы алмаштырууга муктаж. Жогорку чыңалуудагы 35 кВ “Орто-Алыш-Стрельникова” аба чубалгысы 1959-жылдары тартылган. Аба чубалгыларынын колдонуу мөөнөтү 45 жыл болгонуна карабай,60 жылдан бери иштеп келген.


Жоготууларды азайтуу максатында АС-70 алюминий жана болот зымдарын АС-95 зымдарына алмаштырууда. Зымдарды алмаштыруудан тышкары энергетиктер фарфор изоляторлорду айнек изоляторлорго алмаштырышты. Мындай чара айнек изоляторлору чыңалуу алдында сыноо жүргүзүүнү талап кылбаганына байланыштуу; чыңалып турган айнектин кичине жабыркаланышы дагы изоляциялаган тарелкасынын урашына алып келет, аны аба электр чубалгысын текшерүүдө оңой эле табууга мүмкүн.


Аткарылган жумуштун натыйжасында Аламүдүн районундагы Беш-Күңгɵй, Таш-Мойнок, Арашан, Прохладное, Кызыл-Бирдик, Кой-Таш, Татр, Чункурчак айылдарынын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгү жакшырат. Ошондой эле, жогорку вольттогу «МР З», «Центральная -1», «Лебединовка» көмөкчордондорунда тышка орнотуучу комплектүү бөлүштүрүүчү түзмөктөрү алмаштырылып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер ноябрь айында соңуна чыгат.«Западная» жана «Кара-Жыгач» көмөкчордондорунда 6300 кВА кубаттуулуктагы күч трансформаторлору 10000 кВАга алмаштырылды. Ошондой эле, Бишкек шаарында эки бөлүштүрүүчү пункт курулууда: Масалиева көчөсүндө («Аэропорт» БП) жана Түгөлбай-Ата көчөсүндө («Железнодорожная» БП).

Жогорку вольттогу көмөкчордондорунун күч трансформаторлорун алмаштыруудан сырткары, биз Бишкек шаарына, Чүй жана Талас облустарына 37 кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулуп, 184 күч трансформаторлору алмаштырылды. 43 чакырымдан ашуун кабель чубалгылары алмаштырылып, 42 чакырымдан ашуун аба электр чубалгыларын реконструкцияланса, өзүн-өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 322 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгыларын курулуп, 31782 эсептөө приборлору алмаштырылды.

Кыш мезгилинде учурап калуучу авариялык жагдайларды алдына алыш үчүн, биздин адистер энергияны үнөмдөөчү технологияларга өзгөчө көңүл бурушат. Ал энергиянын жоготууларын басымдуу бөлүгүн төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген изоляцияланган материалдарды колдонуу жана жөнгө салуучу приборлорду орнотуу.

Бирок, электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлугү жабдуунун үзгүлтүксүз иштөөсүнөн гана көз каранды эмес. Аба чубалгы трассаларынын абалы дагы көп мааниге ээ. Себеби, көп учурда чубалгыга кулаган бак-дарактын бутактары өчүрүүлөргө алып келет. Оңдоо иш-чараларынын жүрүшүндө өндүрүш кызматтары 1 500 чакырымга жакын аба чубалгы трассаларын бутактардан тазалашты.

--Керектелген электр энергияга төлөм жүргүзүү боюнча иштер кандай жүрүүдө?

--“Северэлектро” ААКда электр энергиянын эсебин так жана туура алууга, жоготууларды төмөндөтүүгө жана төлөм чогултууну жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплекси ишке ашууда. Жоготууларды төмөндөтүү жана электр энергиянын эсебин алуу системасын мыктылоо максатында 2019-жылдын башынан тарта биз Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында жалпы 32 миңге жакын эсеп приборлорун алмаштырдык. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жылдан-жылга керектөөчүлөрдүн төлөм жүргүзүү тартиби жакшырууда. 2019-жылдын 9 айынын ичинде биз 6 млрд. сомго жакын каражат чогулттук.

--Кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу боюнча кандай иш-чаралар жүргүзүлүүдө?

--Биз кардарга багытталган мамилени коомдун ишмердүүлүгүнө жайылтуу жана сапаттуу тейлөөнү стратегиялык өнүгүүнүн артыкчылыктарына киргизүү үстүндө иштеп жатабыз. “Северэлектро” ААК төлөө терминалынан электр энергияга жургүзүлгөн эсеп тууралуу билдирме ошол замат “Северэлектро” ААКнын маалымат базасына келиш үчүн төлөмдөрдү учурдагы убакыт режиминде кабыл алуу долбоорун ишке киргизди. Мурдарак жүргүзгөн төлөмү тууралуу билдирме “Северэлектро” ААКнын маалымат базасына бир канча убакыт өткөн соң түшүсү абонентке да, компанияга да ыңгайсыздыктарды жаратчы. Жыйынтыкта, керектөөчү мөөнөтүнөн өткөн төлөмдөр жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат түшмөйүнчө электр энергиясыз калчу. Ошондуктан ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Абоненттер төлөмдөрдү «Quickpay», «Рау 24», «UMAI», «Terempay», «KICB», «БТА Банк», «Касса 24» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Элсом», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы»МИ, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк» кассаларынан төлөй алат. Жүргүзүлгөнтөлөм тууралуу малымат же электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт. “Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөмтолукжүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

“Северэлектро” ААКнын күнү-түнү иштеген (1209) номурундагы колл-борбору Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламудун райондорундагы керектөөчүлөрүн телефон аркылуу тейлеп жана алардан түшкөн суроолоруна оперативдүү жооп кайтарышат. Ошондой эле, жогоруда аталган райондордун абоненттери өздөрүнүн кайрылууларын, нааразычылыктарын 0772 00 12 09номурундагы WhatsApp уюлдук тиркемеси аркылуу билдире алышат.

2017-жылдын сентябрь айынын биринчи күндөрүнөн тарта Бишкек шаарынын 250 миңден ашуун абоненттерине Тоголок Молдо, №70А дарегинде жайгашкан “Северэлектро” ААКнын Тейлөө борбору кызмат көрсөтүүдө. Күнүнө борборго электр энергияны эсепке алуу приборун орнотуу/алмаштыруу жана аны мыйзамдаштыруу, объектти техникалык жактан текшерүү, өздүк эсебин (турмуш-тиричилик абоненттери) башкага каттоо, эсеп-дүмүрчөктөрдү оңдоо, турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр камсыздоого келишим түзүү/кайра жаңыдан түзүү максатында орточо эсеп менен 800гө жакын абоненттер табыштамалары менен кайрылышат. Андан тышкары Талас жана Токмок шаарларында 2018-жылдын июль айынан тарта “Северэлектро” ААКнын тейлөө борборлору шаар абоненттерине кызмат көрсөтүп жатат.

--2019-жылдын 22-декабрда “Энергетиктер күнү”, башкача айтканда ар бирибиздин үйүбүзгө жарык жана жылуулук тартуулаган адамдардын кесиптик майрамы белгиленип келет. Быйыл кыргыз энергетикасынын 85 жылдыгы экен, майрамды утурлай кесиптештериңизге каалоо-тилегиңиз бардыр?

--Энергетиктер күнүнүн алдында тармактын ардагерлерин, кесиптештеримди кыргыз энергетикасынын 85 жылдык мааракеси менен кесиптик майрамы менен куттуктайм!

Алар өз милдеттерин так аткаруу менен Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келишет. Ар биринин талыкпас эмгегинин натыйжасында тармак туруктуу иштеп келет. Урматтуу кесиптештер, сиздерге жана жакындарыңыздарга чын ден-соолук, бакыт-таалай, бейкуттукту каалайм. Ар дайым энергияңыздар түгөнбөй, күч-кубатта жүрүңүздөр!

Маалымат ирээтинде:

«Северэлектро» ААК – Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия камсыздоочу уюм жана өзүн-өзү актоо принцибинде Кыргызстанда ички рынок үчүн иштелип чыккан электр энергиянын 40% ашыгын бөлүштүрүү жана сатууну ишке ашырып, Чүй, Таласоблустарынын,Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу 35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарын оперативдүүтейлөөнү жүргүзөт.

Акционердик коомдун карамагына 6/10 кВ чыңалуусундагы 9 миң 148 трансформатордук көмөкчордондор, 35 кВ чыңалуусундагы 126 жогорку вольттогу көмөкчордондор, 2,1 миң чакырым кабель чубалгылары, 20 миң чакырымга жакын аба электр чубалгылары карайт. Аба, кабелдик, жогорку жана төмөнкү вольттуу электр тармактарын, энергетика жабдууларын тейлөөнү, ошондой эле электр энергияны сатып алуу, бөлүштүрүү, сатуу ишмердигин20аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзөт. “Северэлектро” ААКнынкурамында 17 райондук электр тармак (РЭТ) бар. Акционердик коом 580 899 жеке жана юридикалык кардарларды тейлейт.

 
Булак: Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады