Бардык жаңылыктар

Эл ɵкүлү эл менен! Жумгалда Абтандил Кулбараковдун демɵɵрчүлүгү менен 300 000 сом байге коюлуп улуттук оюндар ɵткɵрүлдү…

Жыл сайын 7-ноябрда касиеттүү Жумгал жергесинде «Дан майрамы» өткөрүлүп келет. Быйыл дагы бул салтка айланган саамалык уланып районунун борбору Чаек айылынын “Байзак” ат майданында майрам жогорку деңгээлде белгиленди. Эр эңиш, кыз куумай, көк-бөрү, жорго салыш, кунан чабыш, тайган салуу сыяктуу улуттук оюндарды көрүүгө келген элдин маанайы жогору болуп, ар бир оюнга берилүү менен күйɵрмандык кылышты. Майрамдык иш-чаранын башкы демɵɵрчүсү Жумгалдан чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков болуп, жалпы байге фондуна жеке каражатынан 300 000 сом бɵлдү. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык менен кубок жана дипломдор ыйгарылды. Жалпы эки миңден ашык адамдын башын кошкон иш-чарага жеринде күбɵ болуп, репортаж жасап кайттык.

Абтандил Кулбараков, Жогорку Кеңештин депутаты:

«Элдин кɵйгɵйүн угуп, элдин маселесин чечүүнү негизги милдетим деп эсептейм»

--Абтандил Илдузович, бүгүн сиздин демɵɵрчүлүгүңүз менен «Дан майрамынын» урматына улуттук оюндар ɵткɵрүлүп жаткан учуру. Бул майрам канча убакыттан бери ɵткɵрүлүп келет?
 
--Жумгалда “Дан майрамы” деген аталыштагы түшүм майрамы жаңылбасам 2003-жылдан бери райондук деңгээлде өткөрүлүп келе жатат. Мына быйыл да ɵзүңүздɵр күбɵ болуп жаткандай, майрамдык иш-чара мыкты деңгээлде ɵтүп жатат. Элибиздин пейлине жараша маанайы дагы жакшы дегендей. Элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болуп ушиндай майрамдарга гана күбɵ болуп жүрɵ берели деген изги тилегимди айткым келет. 

--Эл ɵкүлү катары мыкты демилгелердин башында туруп, кичи мекениңиз болгон Жумгал районуна ар тараптан колдоо кылып келе жатканыңызды билебиз?..

--Эми элдин колдоосу менен депутат болгондон кийин элдин кɵйгɵйүн угуп, элдин маселесин чечүүнү негизги милдетим деп эсептейм. Мен депутат болгонго чейин эле кичи мекеним Жумгал жергесине колумдан келген жардамымды аячу эмесмин. Азыр деле ошол аракеттин үстүндɵмүн дегендей. Колумдан келсе элимден жардамымды аябайм. Биздин жасап жаткан иштерибиз арбын. Анын баарын атап айтуунун кажети жок деп эсептейм. Мисалы, Миң-Кушта үстү түшүп, кулайын деп калган спорт зал бар болчу. Баарын оңдоп-түзɵп жакынкы күндɵрү ишке киргизүүнүн алдында турабыз. Кыш келе жатат буюрса Жумгалда жылдагыдай хоккей чемпионатын өткөрөбүз. 

Ɵзүңүздɵр билгендей биздин район айыл чарбага ылайыкташкан аймак. Ажобуз Сооронбай Шарипович алгач аймактарды кыдырууну ушул Жумгал жергесинен баштаган. Президентибиз ɵкмɵт башчы кезинде ɵзү келип, айыл-чарбаны мыкты билген адам катары колдоо кɵргɵзүп, канча жылдан бери ишке ашпай келе жаткан Жумгал райоунундагы Бассейинди суткалык жɵнгɵ салуу (БСР-Бессейин суточного регулирования) менен Бассейинди дакадалык жɵнгɵ салууну (БДР-Бассейина декадного регулирования) ишке киргизүү менен суу жетпеген жерлерди ɵздɵштүрсɵ болоорун баса белгилеген. Буюрса ал кишинин сɵзү ишке ашып, Жумгалдыктар кубанып турат. Жогоруда аталган эки суу топтоочу БДР менен БСР ишке кирүү менен суу жетпеген 4-5 миң гектар жерге суу жетет. Бул биздин дыйкандарга болуп кɵрбɵгɵндɵй жардам эмеспи. Мына Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолубуз бүтүп калса Жумгал району шаарга айланчу күн алыс эмес. Айтор, Президентибиздин аймактарды ɵнүктүрүү жылында Жумгал району мыкты жетишкендиктерге жетишүүдɵ десем жаңылышпайм. Жакшы күндɵрдɵ элибиз менен бирге болууну Кудайым насип кылсын.

Адыл Сапаров, Жумгал районунун акими:

“Жыл сайын демөөрчү таппай кыйналчубуз”

--Мына Жумгал жергесинде абдан жакшы күн болуп жатат. Кудайдан болуп жамгыр да жаабай күн жакшы тийип берди. Бул да болсо элибиздин пейилинен деп ойлойм. Мындай майрамдар буга чейин да өткөрүлүп, эл өз даярдыгын өзү көрчү. Анткен менен жыл сайын демөөрчү таппай кыйналчубуз. Быйыл Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Илдузович жеке каражатынан 300 000 сом бөлүп, жалпы дыйкандарга майрамдык маанай тарттуулап, иш-чара уюштурууга чоң көмөк көрсөттү. Учурдан пайдаланып Абтандил Илдузовичке жалпы Жумгал элинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Элдин маанайы сонун, дайыма ушундай жакшы иш-чаралар кɵп-кɵп өтүүсүн каалайт элем. 


Рустам Алымкулов, Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы:

“Элдин баары ыраазы болуп алкап жатат”

--Бүгүн Жумгал районунун Чаек айылында «Дан майрамы» өтүп жатат. Райондук деңгээлде өтүп, кыргыздын оюндарын уюштурдук. Бул майрамды өзүбүз демɵɵрчүнүн колдоосу жок өткөрө албасак керек эле. Кудайга шүгүр өзүбүздүн агабыз Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков демөөрчүлүк кылып берди. Элдин баары ыраазы болуп алкап жатат. Ал киши бир гана мындай майрамды эмес, көпчүлүк жакшылык иштерибиздин баарына демөөрчү болуп районго эбегейсиз салым кошууда. Ыраазычылык билдиребиз…

Мелисбек Ниязалиев, саяпкер:

“Уюштуруучуларга демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем”

--7-ноябрда «Дан майрамы» ɵтүп, улуттук оюндар менен коштолот экен» дегенди уккандан бери кунанды таптап аттык. Эки ай таптадык. Эми кунан деген жем суу берип койсоң эле чуркап келе калбайт да. Кунанды суутуп жаш баладай эле карайбыз. Биринчи келсе да келбесе да сынап көрөлү деп келгенбиз. Үмүтүбүздү актап биринчи келгенине жетине албай олтурам. Саяпкерликке мурдатан кызыкканым менен киришип ат таптап көрө элек болчумун. Уулумду кунанга мингизип жатканда да өтө каттуу кетпе деп улам үйрөтүп анан коё бергем. Учурдан пайдаланып уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем. Аллахым алардын жолун ачсын! 

Жаныбек Мамакеев, тайганчы:

“Тайганым карышкыр тиштеп кубандырды”

--Өзүм Жумгалдын Чоң-Дөбө айылынын тургунумун. Негизи бул тайганды бакканыма беш жыл болду. Үйдө дагы тайгандарым бар. Карышкырга ит оңой менен жакындай албайт эмеспи. Менин тайганым буга чейин да эл алдында карышкыр тиштеп эки жолу биринчи орунду алган болчу. Азыр карышкырды 19 жолу тиштеп абдан кубандырды. 

 Толубай Караколбек уулу, мүнүшкөр:

“Биринчи жолу ушундай мелдешке келдим”

--Куш таптап мүнүшкөрлүк кылууга беш алты жылдан бери кызыгып жүргөм. Өзүм да ошондон бери бүркүттү үйрөтүп өзүм да үйрөнүп дегендей. Быйыл мындай иш-чарага биринчи жолу келип жатам. Бул бала бүркүт менен күн сайын машыгууга чыгабыз. Бир күндө бир көгүчкөн жейт. Талаадан кармап келем. Ошол эле учурда абада көгүчкөн кармап ойногон машыгуусун да өткөрүп турам.



Түшүм майрамында төмөнкүлөр акчалай сыйлыктарга ээ болушту:

Тайгандарды чыргага салуу боюнча жарышта

1-орунду Куйручук айылы, Кудаш Сапиевдин "Көк-Мойнок" тайганы келип 3000 сом алса;
2-орунду Чаек айылы Арстан Бозбалаев "Тайбас" тайганы 2000 сом;
3-орунду Куйручук айылынан Эламан Асанкуловдун "Сарчик" тайганы келип 1000 сом байге алды.

Көргөзмө кыргыз тайганы боюнча

1-орунга Кудаш Сапиевдин "Көк-Мойнок" тайганы Куйручук айылы 5000 сом; 
2-орунга Улан Мыдыкеевдин "Учар" тайганы Жаңы-Арык айылы 3000 сом;
3-орун Майрамбек Иманалиевдин "Учар" тайганы Чаек айылы 1000 сом.

Тайганды карышкырга жана кушчулукка салуу

1-орунду Чоң-Дөбө айылынан Жаныбек Момукеевдин "Көк-Куш" тайганы 8000 сом;
2-орунду Куйручук айылынан Кудаш Сапиевдин "Көк-Мойнок" тайганы 2000 сом;
3-орунду Эрлан Айбек уулунун "Алгыр" тайганы келип 1000 сом алышты.

Кунан чабыш байге фонду 15000 сом

1-орунду Азамат Мааданов, Жумгал айылы;
2-орунду Нурлан Түкүшов, Жумгал айылы;
3-орунду Току Иманбеков, Түгөл-Сай айылы.

Жорго салыш байге фонду 20000 сом.

1-орун Сүйөркул Бойтоев Чаек айылы; 
2-орун Баян Мааданбеков, Байзак айылы;
3-орун Жеңиш Тукаев, Байзак айылы.

Аламан (Күлүк) чабыш байге фонду 60000 сом.

1-орунду Урмат Турускулов, Чаек айылы 30000 сом;
2-орунду Надыр Бийсеев Таш-Дөбө айылы 20000 сом;
3-орунду Улан Качкынбеков, Байзак айылы 10000 сом.

Көк-Бөрү оюну байгеси 60000 сом

1-орунду "Жаңы-Арык" командасы 30000 сом;
2-орунду "Куйручук" командасы 15000 сом;
3-орунду "Байзак" командасы 10000 сом;
4-орунду "Кабак-Көй-Ой" командасы 5000 сом сыйлык алышты.

Эр эңиш боюнча

1-орунду Мирбек Муташев Куйручук айылы 3000;
2-орунду Жакшылык Барктабас уулу Кабак айылы 2000 сом;
3-орунду Бактияр Мамытов (Байзак айылы) жана Үмөталы уулу Орозбек (Кабак айылы) 1000 сомдон алышты.

Баян Кулова

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады