Бардык жаңылыктар

Бейөкмөтчүлөр кайрадан океандын ары жагынын саясатын жүргүзө башташты

Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Гүлнара Журабаева, Бурул Макенбаева, Эркин Убышев сыяктуу чуулгандуу бейөкмөтчүлөр бар экенин коомчулук жакшы билишет. Булар дайыма эле чет мамлекеттерден алышкан гранттарын акташ үчүн саясатка да аралашып, коомдо түрдүү терс маанайларды жаратууга аракет жасап келатышканы белгилүү. 
Эми алар социалдык түйүндөр аркылуу кайрадан грантка келген акчаларын актоо үчүн океандын ары жагынын саясатын жүргүзүүнү башташты. Мисалы, Динара Ошурахунова аттуу бейөкмөтчү социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына «Мамлекетибиздин улуттук коопсуздук органдары жана укук коргоо системасы талкаланып жана деградация боло баштады. УКМКда кылмыш ишинде тиешеси бар 200 миң доллар жоголгону тууралуу маалыматтар чыкты. Түркияда өлтүрүлгөн Саймаити көрсө Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулунун машинасы менен жүргөн экен, коррупцияга каршы күрөш тандалма жол менен болуп атат» деген сыяктуу постторду жазып, анысы менен бийликти каралоо аракетине өттү. 
Биринчиден, УКМКдан 200 миң доллар жоголду деген маалымат чындыкка дал келбей турганын атайын кызмат билдирген. Экинчиден, коррупцияга каршы күрөштө тандоо жолу болбогонун коомчулук көрүп турат. Эгерде тандоо болсо, анда Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу ири коррупция эбак жабылып калмак. Түркияда окко учкан Саймаити менен Стамбулдагы башкы консул болуп келген Э. Сопоковдун кандайча байланышы болгону да иликтенүүдө. Андыктан чет мамлекеттерден алынган гранттар үчүн бейөкмөтчүлөр өлкөбүздүн стабилдүүлүгүнө доо кетирүү аракетин жасабай эле коюшса болмок. Ар кандай ири суммадагы акчадан өлкөнүн бүтүндүгү, тынчтыгы жана стабилдүүлүгү артык эмеспи.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...