Бардык жаңылыктар

Дастан Жумабеков: Жергиликтүү депутат жогорку билимдүү болсун дегенге каршымын

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жергиликтүү кеңешке жогорку билимдүүлөр гана депутат боло алат деген нормага каршы. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жыйынында билдирди:

- Мен каршымын буга. Айылда мындай талап кереги деле жок, анткени айылдагы жогорку билимдүүлөрдүн баары шаарда же башка жерлерде жүрөт. А айылдагы тың чыккан фермер, айдоочу же коомдук ишмер болсо ал эмне үчүн депутат боло албасын? Алардын укугун чектеген болуп калат.

Бүгүн парламентте жергиликтүү бийлик органдарынын ишин жөнгө салуучу бир катар мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр талкууланып жатат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров төраганын суроосуна жооп берип, айылда жогорку билимдүүлөр жок дегенге макул эместигин айтты:

- Бүгүнкү күндө жогорку билим алам деп аракет кылып жүргөн балдарыбыздын саны 220 миңден ашуун. Айылда жогорку билимдүү бир топ балдар бар деп айта алабыз, статистикасын алып келип берели. Бирок сиздин сунушуңузду экинчи окууга киргизебиз, анткени «билимине карабай шайланууга укуктуу» деген конституциялык норма бар.

Ал эми жыйынга катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «жергиликтүү кеңештин депутатынын сөзсүз түрдө жогорку билими болушу керек» деген норма жок экенин билдирди:

- Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча стратегиянын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын пакетиндеги нормаларда да жогорку билим тууралуу ушундай сунуш болгон. Дискуссиядан кийин «жалпы орто билимден төмөн эмес» деген норманы киргизгенбиз. Жогорку билим боюнча сунуш өткөн эмес.

Бүгүн парламент жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Анын авторлорунун бири Акылбек Жапаров бир аз мурдараак жогорку билим тууралуу норма мыйзам катары кабыл алынганын, президент кол коюп, ишке киргенин билдирген.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!