Чомоев Нурдин деген генерал бар. Бакиевдин учурунда Коргоо министринин орун басары болуп иштеген. Анын атагы Ооган согушуна катышпагандыгы ачыкталып, Ооган согушунун жалган ардагери экендиги атайын комиссиянын текшерүүсүнөн улам аныкталгандан кийин чыккан.
Ал жалганчы ардагерге ошондон кийин кылмыш иши козголуп, 2010-жылдан 2018-жылга чейин ай сайын өкмөттөн 6 миң сомдон алып келген жөлөк пулун кайра төгүп бере баштаган. Мына ушундай адамдын Нурлан деген уулу бар. Учурда 47 жашта. Ата жолун жолдоп аскер багытында иштеп калган экен. Бирок анын ишмердүүлүгү да, билими да шектүү. Нурлан 1990-1992 -жылдары Алматы аскер окуу жайында окуп, бирок чыдай албай, окууну бүтүрбөстөн чыгып кеткен.
1999-жылы Россиянын аскердик дипломатия боюнча академиясын ошол учурда күүлдөп турган атасынын күчү менен бүткөндүгү айтылат. Академияны бүтүрүп келери менен (атасы ошол кезде Коргоо министринин штабын жетектеп турган) атасы министрликке кызматка орноштурган. Ата-бала Чомоевдер Американын аскер саясатын Кыргызстанга жайылтуу аракетин жакшы эле көрүшкөнүн орусиялык ЖМКлар жазып чыкты. Ал тургай Нурлан Чомоев Американын Мамлекеттик департаменти менен кызматташканы да айтылат.
Жыйынтыгында Чомоев Нурлан 2004-жылы Коргоо министрлигинин штабынын АКШ борбордук командычылыгынын өкүлү болуп дайындалган. Андан кийин да Чомоев "Манас" аэропортундагы АКШнын базасында ар кандай иштерди жүргүзүүгө таасирдүү адам болуп келгенин да орус ЖМКлары жазышкан. Чомоев Нурлан учурда Генералдык штабдын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турат.
Булак:Багыт.kg
Тектеш кабарлар
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
ЖАҢЫ МАЕК - Өмүрбек Текебаев: «Азыркы бийлик эки ыңкылапты эске алышы керек» Маек // 6-04-2019, 19:08 |
Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат Куш кабар // 12-11-2019, 12:17 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |
Эрнис АСЕК уулу, журналист: «Эртең менен Акыйкатты аңдап, кечинде ажалыңа тике карасаң болот» Маек // 16-05-2019, 09:24 |