Бардык жаңылыктар

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев: “Социалдык фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом көлөмүндө түзүлдү

Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлдү. “2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды”, - деди ал.

Андан тышкары, 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 млрд 727 млн сом өлчөмүндө түшүшү пландалганы, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 млрд 911 млн сом өлчөмүндө каралганы, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 млн сом өлчөмүндө болжолдонгону белгилүү болду.

2020-жылга Соцфонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо пландалууда.

Ал эми 2020-жылы Соцфонддун бюджеттин профицити 787 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады