Бардык жаңылыктар

Депутат Алтынбек Жунус уулу: «Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет»

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Кызыл-Омпол жергесинде казылып жаткан уран кенин жабуу талабын коюуда. Эми кочкорлуктар чыкканы турат. Комиссия кен жаӊы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок деген тыянак чыгарыптыр. Ушу катип болсун, уран казылып жатса, анан кантип анын зыяны болбойт? Кандай гана болбосун, радиациянын фону жогорулабай койбойт да. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болгону. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар-жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деди депутат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады