Бардык жаңылыктар

Кыргызстандагы АКШ элчилиги эмнеге милдеттүү салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн качып жатат?

Кыргызстандагы АКШ элчилиги дагы мамлекетке милдеттүү түрдө төлөй турган салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн качып келе жатканы тууралуу кызык маалыматтар колубузга тийди. «Демократиянын атасы» атыккан Американын элчилиги ушундай кылып жатса, анда аларды карап түздөнүү туура болобу?

Колго тийген документтерге караганда, Кыргызстандагы АКШ элчилигинде 200 Кыргызстандын жарандары эмгектенишет. Алардын орточо бир айлык эмгек акысы 1500 АКШ долларын түзөт. Ал эмгек акылары банктык карталарына (АКШ элчилиги Кыргызстанда бул максатта KICB жана Demir Bank банктарынын счетун пайдаланат) которулат. 

Салык мыйзамына ылайык, америкалык дипмиссия тарабынан жалданган жергиликтүү персоналдар үчүн милдеттүү салыктар жана төлөмдөр салык төлөнбөй турган (неблагаемой части) бөлүгүнөн сырткары киреше салыгы 10%ды түзөт. Андан сырткары Социалдык фондко ар бир кызматкердин айлык акысынан 27,25% (10% кызматкердин эсебинен, 17,25% иш берүүчүнүн айлык акы фондунун эсебинен) төлөм төлөнүшү керек. 

Болжол менен эсептегенде орточо 1500 АКШ доллары эмгек акысынан мамлекетке 284 АКШ доллары төлөнүп турушу керек эле. Ошондо бир жылда бир кызматкерден мамлекетке 3408 АКШ доллары суммасында зыян келип жаткан болот. Ал эми жалпы 200 кызматкерден төлөнүшү керек болгон салык жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо жылына мамлекет 681 600 АКШ доллары өлчөмүндө зыян тартууда. 
Мындан сырткары АКШ элчилиги өзүнүн кызматкерлери үчүн Кыргызстанда жашоосуна кыймылсыз мүлктөрдү ижарага алат. Бүгүнкү күндө АКШ элчилиги 50 чакты кыймылсыз мүлктү Кыргызстандын 36 жаранынан ижарага алат экен. Ал жарандардын арасында бир нече мурдагы жана учурда иштеп жаткан чиновниктер да бар. Мисалы, ЖАМК башчысы М. Турганбаев, экс-ИИМ министрлери А. Суранчиев жана Т. Айтбаев, КР Улуттук банкынын экс-жетекчиси З. Асанкожоева, «Бишкексууканал» ПЭУ начальниги Б. Дүйшөмбиев, Улуттук электрдик станциялардын кызматкери Ш. Осмонов жана башкалар. 

Колубузга тийген маалыматтарга караганда, АКШ элчилигине кыймылсыз мүлктөрүн ижарага берген кыргыз жарандары жылына ижара акысы катары 25 миңден 90 миң АКШ долларына чейин алышат. Ошол эле убакта алар салык төлөшпөйт экен. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына таянсак, АКШ элчилигине кыймылсыз мүлктөрүн ижарага берген 36 жарандын болгону 8и гана өз каалоолору менен патент алышкан. Калгандары эч кандай патент алышпай, мамлекетке милдеттүү төлөй турган салыктарды да жашырып келишет. Муну АКШ элчилиги да жакшы билсе керек. 
Ошондо буга тиешелүү укук коргоо органдары эмнеге көңүл бурбайт деген суроо бар. Же Америка элчилиги каалаганын жасай берсе болобу?

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады