Бардык жаңылыктар

Кыргыз күрөш: кыргыз балбандарында төрт медаль бар



Бишкекте өтүп жаткан кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионатында кыргызстандык эки балбан биринчи орунду алды. Алар 66 кило салмактагы Асанкелди Нуркасым уулу жана 84 кг салмактагы Бектуркан Кожомуратов болду. Ошондой эле 96 кг салмактан жогору Тилек Куралов менен 55 килограммдагы балбандар арасында күрөшкөн Эламан Базарбек уулу коло байге алганга жетишти.

Бүгүн мелдештин экинчи күнү жүрүп жатат. Анда 60, 74 жана 96 кг салмактагы балбандар арасында күч сынашуу башталды. Азырынча 96 килограммда Байыш Тажыгул уулу менен 74 кг салмакта күч сынашкан Санжар Аманов финалга чыкканга жетишти.

Финалда Байыш Тажыгул уулу Орусиянын балбаны Султан-Мурат Гогуев менен күрөшөт, Ал эми Санжар Аманов дагы бир орус балбаны Алибек Тоторкулов менен баш байге алтын медалды талашат.

Кыргыз күрөшү боюнча Азиянын ачык чемпионаты тарыхта алгачкы ирет өтүүдө. Ага 16 өлкөдөн спортчулар келип, жалпы катышуучулардын саны жүзгө жакындады.

Бүгүн ошондой эле абсолюттук салмакта балбандардын да жарышы болмокчу. Бул жерде балбандар салмагына карабай ар бир өлкөдөн бирден килем үстүнө чыгышып, “мыктынын мыктысы” деген наамды талашат. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!