Бардык жаңылыктар

Абылгазиев жаңы жылды күтпөй эле отставкага кетип калса болмок!

Райым Матраимовго карата (логикасыз) транзиттик жүктөрдөгү алымдарды,өлкөдөн чыгарылган миллиондорду жармаштырып, саясый оюнга айлантышканын коомчулук түшүнө баштады.Адискей эксперттердин баамында, ишкерлердин которгон каражаттарын бир адамга байланыштыруу акылга сыйбаган жорук экени айтылууда.О.э. Матраимовго байланыштырган Дубайдагы мүлктөр да далилсиз болуп чыкты. Көрсө, парламенттик шайлоонун астында күчтүү фигураларды каралоо, аянттан сүрүп чыгаруу амалдары беле? Мындай жагдайда премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев кудуңдап жатса керек.

Себеби, өкмөттөгү көп көйгөйлөр көлөкөдө калды. Кышка даярдыксыз элдин кыйналганы,электр энергиясына болгон чектөөлөр, көмүрдүн кымбатташы, дыйкандардын күзгү жыйым-теримдери өтпөй атканы, дээрлик жумушсуздук,айтор, санай берсең сазга баткан кейиштүү көрүнүштөр арбын.

Ошол эле Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын ишиндеги шектүүлүк, күч органдарынын коррупцияга чырмалышканы, уюшкан кылмыштуу топтордун ишкерлерди өлтүрүшү, инвестициялык климаттын коркунучта калганы,дээрлик экономикабыз көтөрүлбөй атканы жана кадр саясатындагы «кашаңдыктын» таасири сыяктуу бир топ кемчиликтер бар. Өкмөт иштеп аткандай түр көрсөткөнү менен натыйжалуу жыйынтыгын көрсөттүбу? Эгерде ийгилиги болсо элибиз жонтериси менен сезмек да, туурабы?

Мына, 2020-жылдын башынан тарта ЕАЭБдин тартибине ылайык жаңы тарифтер кирет, 160 товарга болгон баа көтөрүлөт. Дал ошондо кыйналган калкыбыз өкмөттөн катуу сурак кылат.Жазда көпчүлүк катмар талап коюп, Абылгазиевди отставкага кетириши толук мүмкүн. Саясый кризисти күтпөй эле жаңы жылга чейин кетип калса болмок…

Булак: "АЗИЯnews"


 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады