Бардык жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаров боюнча президентке кайрылды


«Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуу маселеси боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. «Азаттыктын» «Эки бир» көрсөтүүсүндө суроолорго берип жатканда Жапаров саясий себептен түрмөдө отурганын билдирди. Бирок «Аны эркиндикке чыгарбоого кимдер кызыкчылыгы болушу мүмкүн?» деген суроого конкреттүү жооп берген жок.

- Садыр Жапаров түрмөдө акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен суранам. Аны «бул киши чыгарбай жатат» деп анык айта албайм, себеби аны билбейм. Бирок Садырдын камакта кармалышын таш боордук деп эсептейм,- деди Ташиев.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. Каптагаев ага каршы арыз жазбаганын айтып, камоого негиз жок экенин билдирген.

Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын адвокаты Шарабидин Токтосунов 18-ноябрда жарыялаган.



Булак:Азаттык

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады