Бардык жаңылыктар

Сурамжылоодо Генерал Курсан Асанов алдыңкы он саясатчынын катарына кирди...



Кыргызстандагы алдыңкы гезиттердин бири "Азияньюс" "салмагың кандай саясатчы" рубрикасы аркылуу ай сайын белгилүү коомдук ишмерлер жана журналисттер арасында саясатчылардын рейтинги боюнча сурамжылоо жүргүзүп келет.

Бул ирет туура кадамынын айынан, көрө албаган жексурлардын бут тосуусунан улам саясий куугунтукка кабылган ИИМдин мурдагы орун басары Генерал Курсан Асановду да аталган сурамжылоого кошуптур. Сурамжылоонун жыйынтыгы менен Курсан Асанов 40 саясатчынын арасынан төртүнчү сапка чыга алды. Бул көрсөткүч Курсан Асановго болгон жалпы кыргыз элинин чоң колдоосу катары бааланууда. 

Өткөн айда Генерал Курсан Асановдун ишине байланыштуу 15 саясый элитанын каймактары Курсан Асановду колдошуп, президентке кайрылуу жолдошту. Эң башкысы, алар чыныгы генералга жасалып аткан кыянаттык иштерге кайдыгер карап тура алышпай, козголгон кылмыш иштери адилет, мыйзамдын алкагында каралышын суранышты. Андан сырткары да коомчулуктагы абройлуу инсандар Курсан мырзаны колдоп келатышат. Себеби, элдин көзү көрөгөч эмеспи. «Кызмат абалын кыянат пайдаланган, чыккынчылык кылган» деген жарлыктар менен эле ар нерсени токуй берсе болобу? Атамбаевди үйүнөн алып чыгууда Асанов эч кан төгүүсүз, сүйлөшүү жолу аркылуу иштин өтөөсүнө чыкты да. Ошол учурда «Кашкар, сен да быяктасыңбы?» деген экс-президенттин сөзүн укпадыкпы. Министр ылдыйкы кабатта эле жүрүптүр го? Анан ошого чычалап, кек сактоо кайсы логикага сыймак эле?..

Ток этери, убакыттын өтүшү менен генерал Асанов элдик инсанга айланууда. Коомчулук анын ишмердиктерин колдоп, «ириген» ИИМди жектеп атпайбы! Мындан өткөн дагы эмне керек?

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Май 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады