Бардык жаңылыктар

"Золотая корона” Тажикстандагы ишмердүүлүгүн токтотот

"Золотая корона” системасы мындан ары Орусиядан Тажикстанга акча которуу менен алектенбейт.

Коммерциялык банктарга чет өлкөдөн “Золотая корона” төлөм системасы аркылуу келип түшкөн акчаларды төлөп берүүгө тыюу салынды.

Тажикстан Улуттук банкы шаршембиде жарандар өз акчасын "Юнистрим" жана Contact төлөм системалары аркылуу гана жөнөтө аларын билдирди. Буга чейин Орусиядагы эмгек мигранттарынын 80 пайызы акчаны “Золотая корона” төлөм системасы аркылуу которушары айтылган.

Бир нече күн мурун Тажикстан жарандары Орусиядан жөнөтүлгөн акчаны ала албай жатканын билдиришкен. Жергиликтүү жашоочулар каражат “Золотая корона”, “Близко”, MoneyGram жана Western Union төлөм системасы аркылуу салынганын айтышкан.

Тажикстан Улуттук банкы учурда "Юнистрим" менен Contact төлөм системалары гана өлкөдө иштөө үчүн расмий түрдө уруксат алганын маалымдады. Жакында алардын катарын Western Union да толуктайт.

Тажикстанда 3-декабрдан тарта улуттук акча которуу системасы иштей баштаган. Ага ылайык, эл аралык төлөм системалары Тажикстандын Улуттук банкында атайын эсеп ачып, операцияларын ал аркылуу ишке ашырууга милдеттендирилген.

Буга чейин орусиялык адистер Тажикстандагы жаңы талаптар Орусия мыйзамдарынын бир катар жоболоруна каршы келерин, мындан улам төлөм системалары аларды аткара албай тургандыгын билдиришкен.

2019-жылдын тогуз айында мигранттар Тажикстанга 2 миллиард 490 миллион доллардан ашык акча жөнөтүшкөн.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!