Бардык жаңылыктар

Өзбекстанда мезгилдүү басылмаларга жазылууга мажбурлоо токтой элек

Өзбекстанда фермерлер, мугалимдер, дарыгерлер жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлери акимчиликтер аларды кайрадан мезгилдүү басылмаларга жазылууга мажбурап жатканын билдиришти. Бирок бийлик өкүлдөрү бул маалыматты четке кагууда.

Ташкент облусундагы Нурафшан шаарынын бюджеттик уюмдарынын биринин жетекчиси шаар башчысы мекемени мезгилдүү басылмаларга жазылууга мажбурлаганын кабарлады.

Бирок Нурафшан шаарынын башчысынын орун басары Сирожиддин Носиров бул маалыматты четке какты.

– Биз эч кимди мезгилдүү басылмаларга жазылууга зордогон жокпуз. Болгону «Машъал», «Ташкент акыйкаты» жана «Эл үнү» гезиттерине жазылуу боюнча сунуш бергенбиз, – деди ал.

Бул арада ферганалык мугалимдердин бири бийликтин көрсөтмөсү менен азыркыга чейин мезгилдүү басылмаларга жазылышарын тастыктады.

– Биздин мектептин директору райондук элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысынын буйругун көрсөттү. Гезиттерге жазылуу үчүн класс жетекчилерге 150 миң сум (15 доллар), мугалимдерге 80 миң сум, окуучуларга 6-8 миң сум төлөөгө тапшырма берди. Директор бул акчаны айлыктын эсебинен кармап калуу үчүн арыз жаздырып алды. Мен мектепте 10 жылдан бери иштейм. Жыл сайын басылмалар үчүн акча кармап калышат, бирок биз ал гезиттер менен журналдарды бир да жолу колубузга кармап көргөн эмеспиз. Кайсы басылмаларга жазылганыбызды да билбейбиз. Эч нерсе өзгөргөн жок, баары мурдагыдай эле калды, – деди мугалим.

Бул арада сурхандарыялык дарыгерлер, намангандык фермерлер дагы жергиликтүү бийлик мезгилдүү басылмаларга жазылууга мажбурлап жатканына даттанышты.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!