Бардык жаңылыктар

Валентина Шевченко мыкты нокауттун ээси болушу мүмкүн

Чикагодо өткөн UFC 238 турниринде Шевченко америкалык спортчу Жессика Айды утуп, чемпиондук наамын сактап калган. Андагы соккусу ошол кечтин мыкты ирмеми болгон эле.

Кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко 2019-жылдын жыйынтыгы менен UFC уюмунун мыкты нокаут ээси номинациясына талапкер болуп жатканын Twitter баракчасына жарыялады.

"Жылдын мыкты нокаутуна ким көрсөтүлүшү керек?" — деп жазылган постто.
Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринде америкалык Жессика Айды утуп, чемпиондук курун коргоп калган. Ал экинчи раундда буту менен сокку узатып, атаандашын нокаутка кетирген. Кийин анын соккусу турнирдин мыкты ирмеми деп табылган.

Уюмдун жарыялаган постуна ылайык, номинацияга Шевченкодон тышкары Хорхе Мосвидаль да талапкер болууда.
Июль айында Лас-Вегаста өткөн UFC 239 турниринде өзүнүн мекендеши Бен Аскренди секирип барып тизеси менен сокку уруп, нокаутка кетирген. Масвидаль уюмдун тарыхында нокаутту тез арада ишке ашырып рекорд койгон.

Расмий жыйынтыкты UFC декабрдын соңунда жарыяламакчы.




Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!