Бардык жаңылыктар

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: “Абанын бузулганын алдын албасак, генефондго доо кетет”

– Каныбек агай, акыркы учурларда шаарды демейкиден да ыш катуу каптап, анын экологияга, адамзатка зыяны чоң экени көтөрүлүп жатат. Физик катары айтсаңыз, шаарды каптаган ыш автомобилдерден бөлүнүп атабы, же башка себептери барбы?

– Чынында автомобилдердин техникалык абалдарын текшере турган көзөмөл функцияларыбыз иштебей калды. Физик, химик катары айтсам, автомобилдерден чыккан ыш-түтүндөр салыштырмалуу абдан оор газдарга кирет. Бөлүнүп чыккан ыш эч качан 3-4 метрден өйдө көтөрүлбөйт. Ошондуктан, эң чоң экологиялык катастрофаны дал ушул автомобилдер жаратууда. Туура, кээ бир активисттер элди унаасыз жүрүүгө чакырып, экологиянын булганышынын алдын алууга аракет кылганга үндөп жатышат. Мындай демилге жаңылык деле эмес, бул дүйнөлүк практика. Мен өзүм унаа айдабайм. Унаасыз жүрүүнү кош колдоп колдойм. Мындай акция өкмөттүк деңгээлде болсо, андан да жакшы болмок.

– Автомобилдер эле экологияны бузуп жатпаса керек…

– Албетте. Бишкек убагында Советтер союзундагы эң көрктүү шаар болгон. Архитектуралык жактан да, абасынын тазалыгы жактан да суктанарлык эле. Азыр чаржайыт курулуштар курулуп, жылуулук борборлордун, жеке секторлордун көзөмөлсүз иш алып барып атканынан баары бузулду. Күйүүчү майлардын тазалыгы көзөмөлдөнбөй калды. Атмосфераны бузган негизинен ушулар. Алдын албасак, генефондго доо кетет.

Булак: “Азия Ньюс”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!