Бардык жаңылыктар

Чеченстан Кадыров атындагы алтын медалдарды даярдоого 4,6 млн. рубль коротот

Чеченстанда бийлик республиканын биринчи президенти Ахмат Кадыровдун атындагы 20 орден менен медаль сатып алуу үчүн 4,6 миллион рубль бөлдү.

"МБХ медиа" басылмасы мамлекеттик сатып алуулар порталына таянып, медалдар алтын жана баалуу таштар менен жасаларын билдирди.

"Чечен Республикасынын биринчи президенти, Ахмат-Ажы Кадыровдун элесине” аталышындагы 10 медаль 750-пробадагы алтын менен жасалат. Анын бир бетине Кадыровдун сүрөтү, экинчи бетине: “Патриоттуулук сөз менен эмес, иш менен далилденет” деген сөзү жазылат. Медалдын колодкасына 54 зымырыт, 18 бриллиант жана 36 рубин төшөлөт.

Кадыровдун 10 ордени дагы 750-пробадагы алтын менен жасалып, 58 грамм салмакта болот. Ордендин бетине Ахмат Кадыровдун сүрөтү, артына: “Өз элинин уулу” жана “Ал жеңилбеген бойдон кетти” деген жазуу түшүрүлөт. Бул да баалуу таштар менен кооздолот.

Орден менен медалдар 31-декабрга чейин даяр болушу керек.

Ахмат Кадыровдун ордени – Чеченстандагы эң жогорку сыйлык, 2004-жылдан бери ыйгарылып келет. Бул орден менен Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков, Росгвардиянын башчысы Виктор Золотов жана Ахмат Кадыровдун уулу, Чеченстандын азыркы башчысы Рамзан Кадыров сыйланган. Ахмат Кадыровдун медалы 2016-жылдан бери тапшырылып келет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!