Бардык жаңылыктар

Казак элчиси Украинанын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Крым тууралуу айткандарына байланыштуу бул өлкөнүн Киевдеги элчиси Самат Ордабаев Украинанын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө украин тарап Крымдын аннексиясы боюнча Казакстандын позициясына карата тынчсыздануусун билдирди.

— Жолугушууда тараптар өз ара көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү сыйлоо принциптерин бекем кармана тургандыктарын ырасташты, — деп жазылган украин ТИМинин сайтындагы билдирүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-декабрда Deutsche Welle басылмасына берген интервьюсунда Орусиянын Крымды өзүнө каратып алышын “аннексия” деп атабай турганын айткан.

- Болор иш болду. Аннексия – Крымга карата колдонулуучу сөз эмес. Крымда болгон жагдайга байланыштуу бизде эч кандай коркунуч болгон жок. Себеби биздин Орусия менен карым-катнашыбыз жакшы – деген Токаев.

4-декабрь күнү кечинде Украина ТИМи Крымдын аннексиясы тууралуу казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин айткандары боюнча нааразылыгын билдирип, казак тарапка тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:13
Видео – Кыргыз коомун чүнчүткөн уюшкан кылмыштуу топтор
Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды