Бардык жаңылыктар

Аялын министр кылам деп Жумалиев жулунуп атабы?

Жолдорду «жонуп» байлык топтогон Кубанычбек Жумалиев менен Роза Аманованын махабаты «ыс-сык» экенин баарыбыз билебиз да. Бул аздык кылганбы, айтор «Бир Бол» фракциясынын депутаты Жумалиев аялына болгон арзуусу ашып-ташып кеткен окшойт, аны маданият министри кылууга тымызын аракеттенип атыптыр. Ансыз да ушуларды кɵргɵндɵ кыжырыбыз шакардай кайнап чыкчу эле, эми Аманованы министр кылып алсак жыргайт экенбиз. Деги ушул эски «вирустардан» эмнени күтүүгө болот? Ошол эле Жумалиев кезинде премьер-министр болуп турганда Кыргызстанды жыргатты беле? Жо-ок. Жалгыз өзү жыргагагын эл жакшы билет. Мамлекеттик кызматта жүрүп кантип миллионер болууну Жумалиевден сурасаңар, жаңылбай саймедиреп, лекция да окуп берсе болот. Анын байлыктарына сан жетпестиги айтылып келет. Алсак, кытайлыктардыкы деген жарнагы бар «Гоин» соода түйүнү, эмеректен тарта эшик-терезеге дейре сатылган «Таатан» базары, Бишкектин Чүй көчөсүнүн чыгыш жагындагы гүл-жемиш өстүрүүчү жайлар (теплицалар), Горький көчөсү менен Туңгуч кичи районун көздөй бара жаткан жол жээгиндеги ЭВМ заводунун имараты, «Манас жаңырыгы» телерадиосу ж.б. Мунун баары Жумалиевдин жеке менчик байлыгы. Баса, жогоруда айткан ЭВМ заводунун имаратын бир топ жыл кайсы бир жогорку окуу жайга ижарага берип келсе, эми ал жерде көрөр-көзү Роза айым «Санат» деген телеканал ачып алып иштетүүдө. Элдин байлыгына эки колду матырып коюп, ээн-эркин сайрандаган Жумалиев деген эргул эми каякты кайсап ийсем деп жаланып-жуктанып калыптыр. Ушулардын байлыгы адал жол менен табылганын бир тескеп койсок ашыкча болбойт эле…

Нургазы Айтмырзаев
Булак:Де-Факто



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:13
Видео – Кыргыз коомун чүнчүткөн уюшкан кылмыштуу топтор
Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды