Бардык жаңылыктар

Суудан кургак чыккандарга сурак болобу?

Исхак Пирматов деген тагдырдын эрке талтаңы бар. Кезинде кыргыздарды койго теңеп, атасы ажо болгондо чабан сыпатында сүрөттөп жүргөн Максим Бакиевдин ынагы болгон. «Кыргызнефть» деген ишкананы тоноп тоймок тургай, топук кылууну унутуп коюп жегендиги боюнча узун сабак сɵздүн аягы бүтɵ элек. Ɵзү болсо актанганы актанган. Кезинде Исхакчикке кылмыш иши козголуп, бирок, ЖоКе деген укуругу узун эменин парманы менен аман калган. Кылы кыйшайбай эле азыр да депутат болуп олтурат. Бул деген ага укук тармагынын укуругу жетпейт дегендик. Анткени, кезинде канчалаган депутаттар камакка алынып, айрымдары түрмөдө олтурса, айрымдары ал жактан бошоп чыгууга да үлгүрүштү. Бир гана ушул Пирматов деген эргулдун кылын кыйшайта албай атышат. Колдогону күчтүү экени ушундан билинип жатат өңдөнөт. Демек, «Колдоочуң Лондондо болсо корголуңа чыбык сая алышпайт»-деген аксиома турмуш чындыгында аныкталып баратабы? Бир учурда ɵлкɵнү мыкчып олтургандар сурак берип атканда, аларга салыштырмалуу Пирматов эмне болуп калыптыр? Эл ырыскысына кол салгандар кайсы бир күнү жазасын алаарына ишенебиз…  

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады