Бардык жаңылыктар

Искусстводон алыс жылаңач денени көрсөткөн көргөзмө

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейиндеги ызы-чуу коомчулуктун талкуусунда калып,  учурда ал дагы деле басыла элек. 

Эскерте кетсек,  жакында музейде кыз-келиндердин укугун коргогон биринчи көргөзмө уюштурулуп, ага  22 өлкөдөн келген 56 суротчу  айымдын иштери коюлган. 

Феминале 2016 жылдын 27 августа Москвадагы басмаканалардын биринде иштеп жатып,  өрттөн улам каза болгон кыргызстандык кыз келиндердин жаркын элесине арналган эле. 

Коомчулуктун көңүлүн бурган бул көргөзмөнүн уюштуруучулары - «Бишкек феминисттик демилгелер» уюму жана Гапар Айтиев атындагы музейдин жетекчилиги эле. 

Көргөзмөдө  кыз-келиндердин укугун коргоого багытталган бир топ алгылыктуу иштер  коюлган эле. Ошону менен катар көргөзмөдө акылга сыйбаган көрүнүштөр да орун алды. Баарынан да  талкуу чордонунда Даниядан келген сүрөтчү айымдын иши калды. Иш-чарага келгендердин айтымында ал көргөзмө залында энеден туума жыланач бойдон жүргөн. Автор муну менен денесин сатып жан баккан аялдардын коомдо укугу корголбой жатат деп айткысы келген. Бул көрүнүш көпчүлүктүн кыжырына тийген. Баарынан да бул көрүнүштү Фейсбук колдонуучулары катуу сынга алышты. 

Алардын көбү музейдин директору Мира Жангарачеванын отставкасын талап кылып чыгышты. Анын ордуна Айгуль Мамбетказиева деген айым ишке дайындалды. 

«Кырк Чоро» аталышындагы кыймылдын мүчөлөрү көргөзмөжөгү болуп өткөн иш-чарага каршылыгын билдирип,  митинг уюштурабыз деген талаптарын коюшту. 

Бирок күтүүсүздөң Феминале көргөзмөсүн мурунку президент Роза Отунбаева колдоп чыкты.  Ал бул көрүнүшкө парламент дагы өз баасын  берип,  көргөзмөнүн авторлорун коргоп чыгышы керек деген пикирин айтып чыкты. 
«Парламент каякты карап жатат? Силердин социалдык комитетиңер бар го. Мира Жангарачеваны кайсы күнөөсү үчүн иштен алып жатышат сурап көрсөңөр боло?» , - деди Отунбаева.

Албетте, биздин өлкөдө аялдардын эмгеги абдан чоң болуп саналат. Алар өз үй-бүлөсүнүнүн бактылуулугу үчүн көп иштерди жасашат. Бирок бул жерде жылаңач аялды көргөзмөгө алып чыгуунун кереги жок. Азыркы учурга чейин коомчулук Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловго карата нааразычылык пикирлерин билдиришүүдө. Жамангулов иш-чаранын алдында тиешелүү бардык чараларды көрүшү керек эле. 

Жарандык активист Мелис Аспековдун айтуусунда, министр менен жолушуу өз максатына жетти, бирок ошол Гапар Айтиев атындагы музейде өткөн көргөзмөнү көзөмөлгө алып, аны өз убагында токтотуу керек болчу.

«Бүгүнкү күндө музейде турган ич кийимдер жана башка буюмдары алынып, директор иштен кетти. Коомчулук баары Маданият министри кыргыз элинин алдында кечирим сурасын дегендерди жаман көргөм. Аталган министрлик бул башаламандыкка жоопкерчилик алгысы келген эмес. Бирок качып кутула алышкан жок, акыр-аягы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул иш-чарага түздөн-түз тиешеси бар экенин, буга карата жоопкерчилик алаарын сезишти», - деп билдирди активист.

Ошол эле учурда коомчулук премьер –министр Мухаммедкалый Абылгазиев  маданият министри Жамангуловго каттуу сөгүш берип, кыргыздын каада-салтын, улуттук кийимин тааныта турган маданияттуу көргөзмө өткөрүшүн суранышты.
Массалык түрдө аткарылган иш-чарада көзөмөл жок болуп каларын Музейде болуп өткөн көргөзмө дагы бир жолу далилдеди. Каалайбызбы же жокпу жакынкы убакытта бул чөйрөдөгу идеология тууралуу суроо көтөрүлөт. Акаевдин убагында  идеологияны орнотуу үчүн көп аракеттер болгон, бирок анын аягы ийгиликсиз болгон.

Сөз эркиндиги, дин тутуу эркиндиги, эркин көз караш, өз оюн жеткире айта билүү укугу кээ бир кыргызстандыктарды туура эмес жолго жетелеп бара жаткансыйт. Феминисттердин иш-чарасынын уюштуруучусу Алтын Капаловага ачуулангандар көп болуп жатат, бирок ал өзүн токтотойун деп камданбай эле. Ал өспүрүмдөргө кайсы жерде сексуалдык түрдөгү көргөзмөлөрдү уюштурса болот деген арт- резиденциясын ачууну максат кылган. Биздин менталитет жана мамлекет үчүн өтө аша чапкандык эмес? Бул тууралуу Капалова сыяктуу феминисттер көп деле ойлонушкан жок. А чындыгында биздин өзүбүздүн менталитетибизге мындай көрүнүштөр туура келбейт. Болуп жаткан окуялар, өкмөттүк эмес уюмдар элге кандай таасир тийгизип жатканын ойлонуп жана мамлекетке алып келип жаткан зыянын түшүнүш керек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930 



Видео // 19:07
ВИДЕО - Жаңы министр түз эфирде тилинен чалынып, боорду эзди
Видео // 20:07
ВИДЕО - Темир Сариев кризистен экономиканы сактап калуунун жолун айтты
Видео // 09:37
ВИДЕО - Өмүрбек Текебаев: Саясий көк бөрү жарыялоо-коркунучтуу!
Видео // 09:32
Түзүлгөн кырдаал боюнча Адахан Мадумаровдун билдирүүсү
Видео // 16:25
ВИДЕО - Момбеков: "Мыйзамыңар КАРАПАЙМ ЭЛ үчүн эмес, БИЗНЕСМЕНДЕР үчүн экен. МЕН КАРШЫМЫН"