Бардык жаңылыктар

Сапар Исаковдо бет деле калбаптыр!

Бүгүн сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып, мени премьер-министрликтен кетирип, түрмөгө отургузган Сооронбай Жээнбековдун Райымбек Матраимовду кызматынан алып салганым үчүн өч алуусу болду деп эки жүздүүлүктүн жеткен чегин көрсөтүптүр.

Сапар, Райым, Атамбаев ж.б. 6 жыл бою коюн-колтук аралаш чогуу мамлекетти жеп-тоноп атканда, Сооронбай Жээнбеков Ошто булардын кылыктарынан бейкапар жүргөн. Акыркы жылдары Райымды Атамбаев кызматтан кызматка көтөрүп, акыры Бишкекке алып келип алган. Мага кошелек болгон неме эми Сооронбайга кошелек болуп калбасын деп кызганып, Жээнбеков президенттик кызматына киришерден 1 күн мурда жумушунан айдап чыккан. 

Өзү коррупциянын тирүү символу катары Райымды багып, бапестеп өстүргөн Атамбаев ал баш ийбей баратканда “сага да жок, мага да жок” деген кыска ой жүгүртүүсү менен ушул болуп жаткан ботконун баарын чалган. Ортодон АШАнын кызы менен Райымдын кайнежеси стоянка талашып уруша да кетишкен.

Ушунун баарын билип туруп, Сапар Исаков күнөөнү Сооронбай Жээнбековдон эмес, өзүнүн шефи Атамбаевден издесе болмок. Эки жүздүүлүктүн дагы чеги болот! Сапар Исаков кызматынан толгон-токой коррупциялык иштеринен жана ачыктан-ачык саботаждан улам бошотулган. Эми Атамбаев шефинче бардык жакка Райым менен Сооронбайдын кызыкчылыктарын тыкканына жол болсун!

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!