Бардык жаңылыктар

Конституциялык палатанын судьяларына талапкерлер үчүн сынак жарыяланды

Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын бош турган үч судьясынын орду үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган кеңештен кабарлашты. Маалыматка ылайык, судья болгусу келгендер 9-декабрдан 20-декабрга чейин кеңешке документтерин тапшырышы керек.

Бул үчүн юридикалык жогорку билими бар, 40 жаштан жогору 70 жашка чейинки, юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем иштеген, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген жарандар кайрыла алат.

Мындан соң талапкерлерди алгач кеңештин мүчөлөрү ылгап, андан соң президент аңгемелешүү өткөргөн соң кызматка дайындамакчы.

Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, азырынча алты судья гана иштеп жатат. Буга чейин судьялар Курмантай Абдиев жана Куанбек Киргизбаев жаш курагы чегине жеткенине байланыштуу кызматтан бошотулса, Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны жана Мукамбет Касымалиевдин судьялык мөөнөтү узартылган эмес.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:13
Видео – Кыргыз коомун чүнчүткөн уюшкан кылмыштуу топтор
Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды