Бардык жаңылыктар

ФИФА Кыргызстанга эскертүү берди

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын беттешинде күйөрмандын футбол талаасына чуркап чыкканы үчүн Кыргызстандын Футбол федерациясына эскертүү берди.

Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ФИФАнын Дисциплинардык комитети оюн талаасында орун алган окуяны карап, мындан аркы оюндарда мындай тартипcиздикти кайталабоо шарты менен кат жүзүндө эскертүү жасады.

Федерация буга чейин күйөрмандын кылыгы үчүн акчалай айып салынып же алдыдагы беттештер күйөрмансыз өтүшү мүмкүн экенин билдирген.

Кыргызстандын Футбол федерациясы жазанын жеңил болушуна оюнду уюштуруу боюнча оң баа берилиши, коопсуздук чараларынын күчөтүлүшү жана ФФКРдин жазаны жеңилдетүү боюнча кайрылуусу себеп болду деп түшүндүрдү.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан жана Мьянма курама командаларынын беттеши 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Анын жүрүшүндө жергиликтүү күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!