Бардык жаңылыктар

Этникалар аралык мамилелер жаатында саясатты жакшыртуу чаралары талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Кыргызстан Эл ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаевди жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭАМА) директору Бахтияр Салиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Этникалар аралык мамилелер жаатында мамлекеттик саясатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы жарандык тынчтык жана этникалар аралык ынтымак кандай гана мамлекеттин болбосун туруктуу өнүгүшүнүн зарыл шарттары экенин өзгөчө белгиледи. Элдин биримдигин бекемдеп, Кыргызстандын этникалык көп түрдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков коомду бириктирүүдө, элдин ынтымак-ырашкерлигин жана жарандык жалпылыгын бекемдөөдө Кыргызстан элинин ассамблеясынын жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өзгөчө ролун белгиледи.

Ошондой эле региондорду өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, аны жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев жана ЖӨБЭАМАнын директору Бахтияр Салиев Мамлекет башчысына окумуштуулардын жана эксперттик коомчулуктун катышуусу менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан этностор аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө ар тараптан көмөктөшүү боюнча жаңы улуттук документти иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдашты.

Анда бүгүнкү күндүн реалдуулуктарын жана чакырыктарын эске алуу менен заманбап, актуалдуу чаралар чагылдырылары баса белгиленди.

Тектеш кабарлар
Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат
Куш кабар // 12-11-2019, 12:17
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Фото – КРнын Конституциясынын элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү
Куш кабар // 20-04-2019, 19:53
Президент Сооронбай Жээнбеков: Биздин күчүбүз – элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө
Куш кабар // 27-03-2019, 12:03
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет
Куш кабар // 12-03-2019, 14:53
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!