Бардык жаңылыктар

ТЭЦ модернизациясына жаңы көз караш. Бизди кантип алдашкан?

Учурда жалпы мамлекетибизде башкы тема Бишкек ТЭЦинин модернизациясы жана анын айланасындагы соттук процесстер болуп турат. Баасы көтөрүлгөн, токтом өкмөттүн макулдугусуз кол коюлган деп да айтып жатышат. Мына ушуга жакшылап үңүлүп жана башка дагы суроолорду бергибиз келет. Атамбаевдин бийлиги жүрүп турган кезинде Кыргызстандын жарандарына бул Борбор Азиядагы эң жакшы долбоор деп айтып келишкен.

Казакстанда өтө кымбат, Россия жана Тажикстанда да кымбат. Мисалы, Тажикстандагы Душанбе ТЭЦ-2ни мисал кылышкан. Ал 2014-жылдын 10-ноябрында эксплуатацияга берилген. Электр кубаттуулугу 400 МВт/в, жылуулук кубаттуулугу 657 Гквал/ч. Негизги отуну – жаратылыш газы, резервдик отуну – мазут. 2012-жылы Тажикстандын энергетика министрлиги жана кытайлык ТВЕА компаниясы жана «ТВЕА Душанбинская промышленность» компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Жалпы баасы 349 млн доллар болгон. Анын 17,4 миллиону Тажикстандын өкмөтүнүн салымы. Курулуштун негизги подрядчиги кытайлык ТВЕА компаниясы болуп саналат.  
Бул ТЭЦ-2 Душанбе шаарынын суткалык керектөөсүнүн 80%ын камсыз кылат. Белгилей кете турган жагдай, АШАнын убагында «Тажикстан кытайлык ТВЕА компаниясынын чыгымдарын жабуу үчүн кен чыгуучу жерлерин берген» деген маалыматтар айтылган. Тактап айтсак, 51,7 тонна запасы менен эки алтын кени. Бирок, унутпаш керек, бул эки алтын кени – факт түрүндө инвестиция, жумушчу орундар, салыктар, бажы төлөмдөрү жана башка. Демек, ал алтын кендери эч кандай ТВЕАнын чыгымдарын жабуу үчүн эмес, Тажикстандын кызыкчылыгында иштеши үчүн берилген. Бул маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.  

Эми Душанбе ТЭЦ-2 долбоорун жакындан карайлы. Душанбедеги ТЭЦ-1 менен ТЭЦ-2 таптакыр эки башка райондо жайгашкан. ТЭЦ-2 жаңы талаада курулган. Аны 1957-жылы курулган Душанбе ТЭЦ-1 менен чаташтырбаш керек. ТЭЦ-1дин кубаттуулугу – 198 МВт. Жылуулук кубаттуулугу – 367 Гкал/ч. 2000-жылдардын аягында ТЭЦ-1 реконструкцияланган. 

Душанбе ТЭЦ-2 долбооруна – бардык негизги жабдуулар, от казандар, генераторлор жана жолдор, темир жол подьезддик жолдор, ЛЭП электр өткөрүү линиясы, электр подстанциялары, коопсуздук системасы кирет. Периметр боюнча бүтүндөй тосмо, суу каналы, газ жана мазут сактоочу система жана башкалар да бар. Башкача айтканда баары жаңыдан курулган, баары бар. 
Эми биз Бишкек ТЭЦин модернизациялоодон эмне пайда көрдүк деген суроону берели. Бул ТЭЦ 1961-жылы эксплуатацияга берилген. ТЭЦти модернизациялоо 2013-жылы «Электрдик станциялар» ААКсы жана кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Долбоорду 386 млн долларга ишке ашыруу боюнча контракттык келишим түзүлгөн. Кыргызстан ал үчүн 300 МВт/ч жана 300 Гкал/ч алат. Тажикстандагы Душанбе ТЭЦ-2нин кубаттуулугунан эки эсеге аз болуп жатабы? 

Анан дагы 386 млн доллар иштеп жаткан, бар эле инфраструктурага бааланып жатат. Тажикстанда баары башынан курулуп жатканын эске алыш керек. Бишкек ТЭЦинде жолдор, темир жол подьезддик жолдор, электр өткөрүү линиясы (ЛЭП), электр подстанциялары, коопсуздук системасы жаңыдан курулган эмес. Периметр боюнча жалпы тосмо, суу каналы, көмүр, газ жана мазут сактаган система да жаңыдан курулган эмес. Долбоордо бир нече чоң имараттардын демонтажы каралган. Андагы кара темаллдар кайда кетти? Бул тууралуу эч ким унчукпайт. Болгону ал канча тонна болгонун жана анын баасы канча болмок экенин божомолдогонго болот. 
Анан бир кызык суроо пайда болот. Эгерде Алмазбек Шаршенович ТЭЦ-3ту кургусу келип кеткен болсо, анда жогоруда саналган инфраструктуралардын баарын куруу үчүн 386 млн доллардын үстүнө дагы канча жүздөгөн миллион долларды кошуп алат эле? 
Ал эми тажиктер Душанбе ТЭЦ-2ни 349 млн долларга жаңы талаага электр кубаттуулугу 400 МВт, жылуулук кубаттуулугу 657 Гкал кылып куруп алышты. Баарынан кызыгы, Душанбе ТЭЦ-2ни деле кытайлык ТВЕА компаниясы курган. 

Ал эми Атамбаев негиздөөчү болуп саналган «Апрель» телеканалы мына ушул жылдар ичинде маалыматты өздөрүнө жана өз чөйрөсүнө пайдалуу боло тургандай кылып берип келишти. Алардын маалыматы боюнча Душанбе ТЭЦ-2нин баасы 528 млн доллар болуп, электр кубаттуулугу 400 МВт, жылуулук кубаттуулугу 360 Гкал деп айтып келишкен. Ал эми Бишкек ТЭЦи 386 млн долларга бааланып, кубаттуулугу 300 МВт, жылуулук кубаттуулугу дагы 300 Гкал дешкен. Жогоруда биз көрсөткөн чыныгы цифралар менен «Апрлеь» каналынын берген цифраларынын айырмачылыгын байкап жатасыздарбы? Аталган телеканал Душанбе ТЭЦ-2нин баасын 179 млн долларга кымбаттатып айтып келишкен турбайбы, көрсө. 

Мына ушундайча кыргызстандыктарды Бишкек ТЭЦин модернизациялоо башталгандан тарта алдап келишкен. Анан дагы атамбаевдик реконструкция бардык төлөмдөрү менен чогуу Кыргызстандын мойнуна канча карыз болуп илине турганын айтышкан эмес. Пайызы менен бул сумма 469 млн 223 миң 529,6 АКШ доллары болот. Ага кошумча карызды башкарууга комиссиянын 0,18% төлөмү бар – тактап айтсак, негизги суммадан -0,18% (694 миң 620 доллар). Ошондо жыйынтыгында 469 миллион 918 миң 149,6 доллар карыз болот. Аны 300 МВтга бөлсөк, 1 МВт үчүн 1 миллион 566 миң 393,832 АКШ доллары айланат. Ал эми «Апрель» каналы Кыргызстанда ТЭЦти модернизациялоо эң арзан болгон деп жар салып жүрүшкөн. Алардын эсеби боюнча 1МВт – 1 миллион 280 миң доллар болуп аткан. 
Ошентип бул коррупциялык иш боюнча сот процесси жыйынтыкталды. Анда айыпталгандардын эч кимиси өз күнөөсүн мойнуларына алгылары келген жок. Бирок, бул фактыларды кайда катабыз? Соттук териштирүүлөр 11 айга созулду, бирок конкреттүү цифраларды эч ким караган жок. Коррупция, кызматтык абалынан кыянат пайдалануулар болгону айтылды, бирок мурдагы президенттин учурунда баары жалгандар менен курулганын, коңшу өлкөдө бардык жаңы инфраструктаралары менен жаңы ТЭЦти 349 млн долларга куруп атса, бизде 386 млн долларга даяр инфраструктурасы бар эле ТЭЦтин 30%ын оңдомуш этип коюп жатышпайбы. Мына ушул жагдайды эмнеге карашкан жок?

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады