Бардык жаңылыктар

Доха шаарында кыргыз-катар кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Кечээ , 8-декабрь күнү Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Муниципалитеттер жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Нассер Аль-Тани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар айыл-чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын «АГРИТЕК – 2020» Эл аралык көргөзмөсүнө катышуусун талкуулашты. Элчи Ч.Эшимбеков Кыргызстандын айыл-чарба тармагындагы потенциалы боюнча маалымат берип, катарлык рынокко кыргыз азыктарын экспорттоо мүнкүнчүлүктөрүн белгиледи. Министрдин орун басары Шейх Фалех Аль-Тани Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө алдыдагы көргөзмөгө катышуу үчүн, керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо жана чогуу иштердин артыкчылыктуу тармактарын аныктоо максатында ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштуруу макулдашылды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!