Бардык жаңылыктар

Кошоматтын коюн союп, көчүк жалагандан кайра тартпаган Карыпбековго сурак болобу?


КТРКнын экс-башкы директору Илим Карыпбеков соцтармактын активдүү өкүлүнө айланган. Бирде карыган таенеси менен маектешсе, кээде бийик чокуларды багындырып, өзүн жарнамалайт. Велосипед да тээп кетмейи бар. Албетте, мындай жүрүштөрү жеке пиар үчүн зериккендеги амалдары катары бааланса керек. Ал эми Карыпбековдун кечээги КТРКдагы ишмердигине баа бербейлиби? Өмүрбек Текебаев камалганда Маевскийди «былжыратып», кандай каралады эле? Бүтүндөй кыргыз элинин астында “жугундуну” ченебей төккөнү унутулуп калдыбы? “Белизгейтчи”? Бул жагы да ыксыз жамандоо болгон да, туурабы? 

Убагында АШАнын камчысын чаап жүрүп, кийин таенесинин оозу менен аны ашатканы эки жүздүүлүктүн туу чокусу эмей эмне? Карыпбеков кызматта турганда ак-караны ылгабай туруп ашмалтайы чыккан АШАны айга-күнгө теңеп, чындыкты айткан Текебаевди КТРден обу жок каралап турган. Эми баягы ишенген кожосу Атамбаевдин башына кара булут айланаар замат аны боктоп, Текебаев баш болгон бир топ адамдарды мактаган болуп, кошоматтын коюн союп, көчүк жалагычтык кылып жатканы коомчулукту иренжитиүүдө.

Баса, ал КТРКны башкарып турганда ири коррупциялык иштерге жол бергендиги боюнча маалыматтар тараган. Бирок эмнегедир анын жоопкерчилиги азырынча каралбай токтоп турат. Же жоопкерчиликтен кутулуунун амалы катары, бийликтин ырын ырдап, андижан бийине түшсөм эле мага эч ким тийбейт дегениби? Бирок, биздин угушубузга караганда бир жарым миллион долларга алынды делген ПТС машинеси жана ошол мезгилдеги коррупциялык иштер боюнча тийиштүү органдар кызыга башташыптыр. Бул иликтенип ачыкка чыкса, Илимдин иши бүткөнү да… Мына ушундай “ылаңдуу иштердин” башында турган Илим Карыпбеков бүгүн чартаңбай тээп, соцтармакта жылдызга айланып жүрөт. Мораль деген кайда? Теңирден тескери кылыктары үчүн качан жооп берет?..

Булак:ЧЫНДЫК



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!