Бардык жаңылыктар

Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында кВт/саат электр энергиясын экспорттойт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу каты макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалуу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, Кыргызстан 2022-жылдан тартып CASA-1000 долбоору аркылуу 15 жыл аралыгында кВт/саат электр энергиясын экспорттойт. «Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн электр кубатын берүү линиясынын жалпы узундугу 450 чакырымга созулат. Электр энергиясы май-сентябрь айларында берилет», – деди ал.

Андан тышкары, электр кубатын экспорттоодо азырынча тобокелчилик деле жок. Анткени, ушу тапта бир катар ГЭСтердин жабдуулары жаңыртылып жатат. Экспорттолгон электр энергиясынын ар кВт/сааты негизинен Ооганстан менен Пакистанга 5,5 центтен сатылмакчы.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!