Бардык жаңылыктар

Орусия эл аралык ири спорттук мелдештерден төрт жылга четтетилди

Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (ВАДА) аткаруу комитети Орусияны эл аралык ири спорттук мелдештерден, анын ичинде Олимп оюндары менен дүйнө чемпионаттарынан төрт жылга четтетти.

Мындай чечим аткаруу комитетинин Швейцарияда өткөн жыйынында бир добуштан кабыл алынды. Буга Орусия спортундагы кызытмага каршы күрөшүү эрежелеринин бузулушу, анын ичинде орус тараптын Москвадагы антидопинг лабораториясындагы маалыматтар базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети себеп болду. Азырынча бул чечим күчүнө кире элек. Орусия 21 күндүн ичинде апелляциялык арыз менен кайрылса болот.

Өткөн жумада Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин атайын комитети Орусиянын кызытмага каршы күрөш агенттигин (РУСАДА) Допингге каршы дүйнөлүк кодекстин талаптарына жооп бербейт деп тапкан. Буга байланыштуу спортчулар Олимп оюндары менен дүйнөлүк мелдештерге Орусиянын желеги менен катыша албайт. Эгер алар кызытма колдонбогонун далилдей алышса, мелдештерге нейтарлдуу туунун алдында катышса болот.

Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап келгенин мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады