Бардык жаңылыктар

Орусияда аскердик тик учак жарылып, эки адам мерт болду

12-декабрга караган түнү Орусиянын Краснодар аймагында Ми-28 согуштук тик учак кырсыкка учурап, эки учкуч мерт болду. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме кылып билдирди.

«База» жаңылыктар сайтынын маалыматына караганда, кырсыктан авиаполктун полковник наамындагы командири менен подполковник каза болгон.

ТАСС алар тажрыйбалуу учкучтар болгонун жазды. Кырсыкка туман себеп болушу мүмкүндүгү айтылууда. Тик учак учары менен дароо жарылып кеткен.

Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн аскердик аэродромго атайын комиссия жөнөтүлдү.

Ми-28 — Орусиянын, Ирактын жана Алжирдин куралдуу күчтөрүнө кабыл алынган согуштук тик учак. Экипажы эки адамдан турат — учкуч жана штурман-оператор.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!